Быйылкы ажылыктын тагдыры кандай болот?

 Кыргызстан жарандарын ажылык сапарга жибереби?

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2020-жылдагы ажылык сапарына жарандарды жиберүү боюнча Сауд Араб Падышачылыгынын уруксатын күтүүдө. Муфтияттан билдиришкендей, бир жума аралыгында Арабиядан жооп келет жана бул бүткүл дүйнөдөгү абалга жараша чечилмекчи. Андан соң, Кыргызстандагы Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп, анын негизинде чечим чыгарылат. Ажылык сапарга баруу үчүн жүрүп жаткан даярдыктар убактылуу токтотулган жана төлөнгөн акча каражаттарынын баары электрондук түрдө РСК банкына төлөнгөндүктөн, аларды кайтарып алууда эч кандай маселе жаралбайт.

Ажылык сапарга барбай калса, шариатта эмне болот?

Мусулмандардын беш парзынын бири — ажылык сапарга баруу. Эгер адамдын ден соолугу, шарты жол берсе, ыйык милдетти сөзсүз аткаруу абзел экендиги Куранда жазылган. Байлыгы бир канча өлчөмгө жеткенден кийин ар бир мусулман адамдын мойнуна парз болуп жүктөлөт. Байлыгы жеткен болсо, сөзсүз түрдө барыш керек деген шариятта өкүм бар. Эгерде мамлекет кандайдыр бир себеп менен өлкөдөн чыгарбаса жана Сауд Арабия өлкөсү кандайдыр бир себеп менен зыяратчыларды кабыл албаса, анда ажылык сапарга барбай калса эч нерсе болбой тургандыгын теолог Нурлан Субанов айтты.

Анын айтымында, быйыл барбай калса кийинки жылы же башка жылдары барса болот. Бирөөлөргө жакшылык кылуу, зекетин берүү өзүнун жолу менен кете берет, ажылык деген өзүнчө ажылык бойдон кала берет.

— Ажылыкка быйыл бара албаса, өмүр берсе, кийинки жылы бара берет. Жашоосунда бир жолу барып, ажылык ибадатты аткарыш керек. Адамга ажылыкка баруу парзы буйруп калган болсо, анын ордуна аткаруучу ажылык бар. Аны балдары же неберелери деле аткарып койсо болот, —  деди Субанов.

Ошондой эле, Нурлан Субанов ажылыкка барбай калгандарды сабырдуу болууга чакырды.

Ажылык боюнча башка мусулман өлкөлөрүндө абал кандай?

6 мамлекет быйыл өз жарандарын ажылыкка жибербей турганын жарыялады. Дүйнөдөгү мусулмандар эң көп жашаган Индонезия өлкөсү, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Камбоджа жана Бруней мамлекеттеринин бийлиги быйыл жарандарын ажылыкка жибербөө чечимин кабыл алды. Быйыл Индонезия үчүн 220 миң, Малайзияга 36 миң, Брунейге миң квота берилген болчу.

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен бир гана Өзбекстан пандемия аяктаганга чейин 2020-жылдагы ажылык сапарга баруудан баш тартты. Тажикстандын Уламалар Кеңеши болсо, коронавирустан улам ажылык сапарга бара албай калган зыяратчыларга чогулткан акчаларын жакшы иштерге жана мекенинин гүлдөп-өнүгүшүнө сарптоого чакырган. Өткөн жылы Тажикстандын 5 миң 560 жараны ажылык сапарга барган.

Сауд Арабиясы ажылык сапар боюнча эмне дейт?

Апрелдин аягында Сауд Арабиясы ажылык сапарга келүүчүлөргө виза берүүнү убактылуу токтотуп, 2020-жылкы ажылык сапарына даярдыктарды токтоткон.

Учурда Саудия бийлиги быйылкы ажылыкты токтотуу маселесин карап жатканы айтылууда. Дүйнөлүк пандемия болбогондо мусулмандардын ажылык зыяраты быйыл 28-июндан 2-августка чейин аткарылмак. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Курман айт август айынын башында өтөт. Ошентип, Сауд Арабиясы ажылык сапарга уруксат берсе, ажылардын биринчи тобу июлдун ортосунда Сауд Арабияга учушу керек болот. Жыл сайын ажылык сапарга дүйнө жүзү боюнча 2,5 миллиондон ашык мусулман Сауд Арабиясына барат.

Live Covid-19
USA 4,881,145
Жуктургандар: 4,881,145
Каза тапты: 159,434
Айыккандар: 2,451,326
Активдүү: 2,270,385
Brazil 2,759,436
Жуктургандар: 2,759,436
Каза тапты: 95,078
Айыккандар: 1,912,319
Активдүү: 752,039
India 1,906,121
Жуктургандар: 1,906,121
Каза тапты: 39,818
Айыккандар: 1,280,284
Активдүү: 586,019
Russia 861,423
Жуктургандар: 861,423
Каза тапты: 14,351
Айыккандар: 661,471
Активдүү: 185,601
South Africa 516,862
Жуктургандар: 516,862
Каза тапты: 8,539
Айыккандар: 358,037
Активдүү: 150,286
Mexico 443,813
Жуктургандар: 443,813
Каза тапты: 48,012
Айыккандар: 295,677
Активдүү: 100,124
Peru 433,100
Жуктургандар: 433,100
Каза тапты: 19,811
Айыккандар: 298,091
Активдүү: 115,198
Chile 362,962
Жуктургандар: 362,962
Каза тапты: 9,745
Айыккандар: 336,330
Активдүү: 16,887
Spain 349,894
Жуктургандар: 349,894
Каза тапты: 28,498
Айыккандар: -
Активдүү: 321,396
Colombia 327,850
Жуктургандар: 327,850
Каза тапты: 11,017
Айыккандар: 173,727
Активдүү: 143,106
Iran 314,786
Жуктургандар: 314,786
Каза тапты: 17,617
Айыккандар: 272,535
Активдүү: 24,634
UK 306,293
Жуктургандар: 306,293
Каза тапты: 46,210
Айыккандар: -
Активдүү: 260,083
Saudi Arabia 281,456
Жуктургандар: 281,456
Каза тапты: 2,984
Айыккандар: 243,713
Активдүү: 34,759
Pakistan 280,461
Жуктургандар: 280,461
Каза тапты: 5,999
Айыккандар: 249,397
Активдүү: 25,065
Italy 248,419
Жуктургандар: 248,419
Каза тапты: 35,171
Айыккандар: 200,766
Активдүү: 12,482
Bangladesh 244,020
Жуктургандар: 244,020
Каза тапты: 3,234
Айыккандар: 139,860
Активдүү: 100,926
Turkey 233,851
Жуктургандар: 233,851
Каза тапты: 5,747
Айыккандар: 217,497
Активдүү: 10,607
Germany 212,331
Жуктургандар: 212,331
Каза тапты: 9,232
Айыккандар: 194,700
Активдүү: 8,399
Argentina 206,743
Жуктургандар: 206,743
Каза тапты: 3,863
Айыккандар: 94,129
Активдүү: 108,751
France 191,295
Жуктургандар: 191,295
Каза тапты: 30,294
Айыккандар: 82,166
Активдүү: 78,835
Iraq 134,722
Жуктургандар: 134,722
Каза тапты: 5,017
Айыккандар: 96,103
Активдүү: 33,602
Canada 117,333
Жуктургандар: 117,333
Каза тапты: 8,953
Айыккандар: 101,839
Активдүү: 6,541
Indonesia 115,056
Жуктургандар: 115,056
Каза тапты: 5,388
Айыккандар: 72,050
Активдүү: 37,618
Philippines 112,593
Жуктургандар: 112,593
Каза тапты: 2,115
Айыккандар: 66,049
Активдүү: 44,429
Qatar 111,538
Жуктургандар: 111,538
Каза тапты: 177
Айыккандар: 108,254
Активдүү: 3,107
Egypt 94,640
Жуктургандар: 94,640
Каза тапты: 4,888
Айыккандар: 44,066
Активдүү: 45,686
Kazakhstan 93,820
Жуктургандар: 93,820
Каза тапты: 1,058
Айыккандар: 65,132
Активдүү: 27,630
Ecuador 87,963
Жуктургандар: 87,963
Каза тапты: 5,808
Айыккандар: 59,344
Активдүү: 22,811
China 84,464
Жуктургандар: 84,464
Каза тапты: 4,634
Айыккандар: 79,030
Активдүү: 800
Bolivia 81,846
Жуктургандар: 81,846
Каза тапты: 3,228
Айыккандар: 24,510
Активдүү: 54,108

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.