Карантин шартында Рамазан айы башталды

Дүйнө жүзүндө 1,8 миллиарддай мусулман коронавирус жайылып жаткан убакта Рамазан айын белгилегени турат.

Мароккодон баштап Индонезияга чейинки өлкөлөрдүн айрымдарында катаал карантин чаралары киргизилген. Кээ бир мамлекеттердин бийлик өкүлдөрү мечиттерди жаппай, сактык чаралары тууралуу эскертүү берүү менен гана чектелишти.

Мусулман өлкөлөрүндө COVID-19дан ажал тапкандар салыштырмалуу аз, бирок айрым бир өлкөлөрдөн илдет тууралуу так, ачык маалымат алуу мүмкүн эмес. Айдын жаңырганына карап 30 күндүк орозо кээ бир өлкөлөрдө 23-апрелде, айрым мамлекеттерде 24-апрелде башталат.

Пакистанда 22-апрелде аттуу-баштуу дарыгерлер өкмөт менен дин аалымдарына кайрылып мечиттерди жабууну, андагы жамааттык иш-чараларды тыюуну суранышты.

Пакистан медициналык ассоциациясынын баш катчысы Кайзер Сажид айрыкча Рамазан айында мечиттерге эл көп топтолсо оору көзөмөлдөн чыгып кетет деп кооптонорун айтты:

«Тилекке каршы биздин башчылар туура эмес чечим кабыл алышты. Биздин дин аалымдарыбыз олуттуу эмес мамиле кылышты. Алар адам өмүрүнө болгон мамилесин көрсөтүштү. Бул – коронавирус менен медицина кызматкерлеринин ортосундагы согуш. Баары муну түшүнүшү керек. Премьер-министр «сактыкка чара көрбөгөн мечиттер жабылат» деди. Өкмөт башчы мырза, ал убакта баары кеч болуп калат. Сиз муну бир жума же он күндөн кийин түшүнгөн учурда көптөгөн адам ооруканалардан орун таппай жүргөн болот, бир топ ооруканаларда керектүү жабдуулардын жоктугу өңдүү маселе жаралат».

Дарыгерлер өкмөт менен дин лидерлери макулдашып-такташкан, 20 жободон турган мечиттердеги сактык чаралары жетишсиз экенин эскертишет. Карачи шаарында ушул тушта коронавирус жугузгандарды дарылоо үчүн даярдалган ооруканалар толуп калды. Адистер оорунун кеңири жайылган учуру май айында башталарын белгилешет.

Пакистан – Индонезиядан кийинки эле мусулмандар эң көп жашаган дүйнөдөгү экинчи мамлекет. Расмий маалымат боюнча бул мамлекетте илдетти 10 миңден ашык адам жугузуп алды, 200дөн көп киши көз жумду.

Илдеттен эң көп жабыркаган Иранда бийлик мечиттерди жана мусулмандар үчүн ыйык деп саналган жайларды жапкан. Башында ушундай жайлардын айынан оору тарап кеткени айтылган. Президент Хасан Роухани айрым жайлар төрт айдан кийин ачылышы ыктымал экенин билдирди. Бирок өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жаңы вирустан улам Рамазан айы бүткөнчө жамааттык иш-чараларга тыюу салынышы ыктымал экенин айтты.

Расмий маалымат боюнча Иранда коронавирус жуккандардын саны 86 миң адамдан ашты. Оорудан 5400гө чукул киши ажал апты. Бирок бийликтин оппоненттери өлкөдө маалыматты таратуу көзөмөлдө болгондуктан бул сан анда канча көп болушу ыктымал экенин айтып келишет.

Түркия.
Түркия.

Түркия, Египет жана Сауд Арабиясы өңдүү бир катар өлкөлөрдө мечиттер жабылган, диний аалымдар жарандарды намазды үйдө окууга чакырган. Ушул тушта бул өлкөлөрдө мечиттердеги диний жөрөлгөлөрдү онлайн көрсөтүлүп жатат.

Сауд Арабиясы Мекке жана Медина шаарларына зыяратчылардын келишин чектеген. Падышачылыктагы жогорку дин аалымдары «адамдардын өмүрүн сактап кудайга жакын болуш үчүн намазды үйдө окууга» чакырган.

Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги Рамазан айында намазды мечиттердин сыртында окуса болот деген фатва чыгарган.

Ливанда, Иракта, Сирияда жана Египетте жарандар ооз ачар иш-араларына барышы үчүн коменданттык сааттын мөөнөтүн күн баткандан кийин жарым сааттан 1,5 саатка кеч баштоо тууралуу чечим кабыл алынды.

Бангладеш.
Бангладеш.

Бангладеште болсо дин аалымдары бийликтен мечиттерде намаз окууга уруксат берилишин талап кылып жатышат.

Мусулмандар эң жыш жашаган Индонезияда бийлик жамааттык сапарларга тыюу салган. Адатта бул өлкөдө Рамазан айында жарандар өздөрү туулуп-өскөн шаар-кыштакка үй-бүлөсү менен айылчылашат. Адистер эгер сактык чаралары көрүлбөсө оору миллиондой адамга жугуп, ажал тапкандардын саны 200 миң кишиге чейин жетиши ыктымал экенин эскертип жатышат.

Дүйнө жүзүндө коронавирус жугузуп алгандарын саны 2,6 миллион адамдан ашты. Илдеттен 183 миңден көп киши көз жумду.

Live Covid-19
USA 3,219,999
Жуктургандар: 3,219,999
Каза тапты: 135,822
Айыккандар: 1,426,428
Активдүү: 1,657,749
Brazil 1,759,103
Жуктургандар: 1,759,103
Каза тапты: 69,254
Айыккандар: 1,152,467
Активдүү: 537,382
India 794,842
Жуктургандар: 794,842
Каза тапты: 21,623
Айыккандар: 495,960
Активдүү: 277,259
Russia 707,301
Жуктургандар: 707,301
Каза тапты: 10,843
Айыккандар: 481,316
Активдүү: 215,142
Peru 316,448
Жуктургандар: 316,448
Каза тапты: 11,314
Айыккандар: 207,802
Активдүү: 97,332
Chile 306,216
Жуктургандар: 306,216
Каза тапты: 6,682
Айыккандар: 274,922
Активдүү: 24,612
Spain 300,136
Жуктургандар: 300,136
Каза тапты: 28,401
Айыккандар: -
Активдүү: 271,735
UK 287,621
Жуктургандар: 287,621
Каза тапты: 44,602
Айыккандар: -
Активдүү: 243,019
Mexico 282,283
Жуктургандар: 282,283
Каза тапты: 33,526
Айыккандар: 172,230
Активдүү: 76,527
Iran 250,458
Жуктургандар: 250,458
Каза тапты: 12,305
Айыккандар: 212,176
Активдүү: 25,977
Italy 242,363
Жуктургандар: 242,363
Каза тапты: 34,926
Айыккандар: 193,978
Активдүү: 13,459
Pakistan 240,848
Жуктургандар: 240,848
Каза тапты: 4,983
Айыккандар: 145,311
Активдүү: 90,554
South Africa 238,339
Жуктургандар: 238,339
Каза тапты: 3,720
Айыккандар: 113,061
Активдүү: 121,558
Saudi Arabia 223,327
Жуктургандар: 223,327
Каза тапты: 2,100
Айыккандар: 161,096
Активдүү: 60,131
Turkey 209,962
Жуктургандар: 209,962
Каза тапты: 5,300
Айыккандар: 190,390
Активдүү: 14,272
Germany 199,198
Жуктургандар: 199,198
Каза тапты: 9,125
Айыккандар: 183,600
Активдүү: 6,473
Bangladesh 175,494
Жуктургандар: 175,494
Каза тапты: 2,238
Айыккандар: 84,544
Активдүү: 88,712
France 170,094
Жуктургандар: 170,094
Каза тапты: 29,979
Айыккандар: 78,170
Активдүү: 61,945
Colombia 133,973
Жуктургандар: 133,973
Каза тапты: 4,714
Айыккандар: 56,272
Активдүү: 72,987
Canada 106,805
Жуктургандар: 106,805
Каза тапты: 8,749
Айыккандар: 70,574
Активдүү: 27,482
Qatar 102,110
Жуктургандар: 102,110
Каза тапты: 142
Айыккандар: 97,272
Активдүү: 4,696
Argentina 90,693
Жуктургандар: 90,693
Каза тапты: 1,720
Айыккандар: 38,313
Активдүү: 50,660
China 83,585
Жуктургандар: 83,585
Каза тапты: 4,634
Айыккандар: 78,609
Активдүү: 342
Egypt 79,254
Жуктургандар: 79,254
Каза тапты: 3,617
Айыккандар: 22,753
Активдүү: 52,884
Sweden 74,333
Жуктургандар: 74,333
Каза тапты: 5,500
Айыккандар: -
Активдүү: 68,833
Indonesia 70,736
Жуктургандар: 70,736
Каза тапты: 3,417
Айыккандар: 32,651
Активдүү: 34,668
Iraq 69,612
Жуктургандар: 69,612
Каза тапты: 2,882
Айыккандар: 39,502
Активдүү: 27,228
Belarus 64,411
Жуктургандар: 64,411
Каза тапты: 449
Айыккандар: 53,609
Активдүү: 10,353
Ecuador 64,221
Жуктургандар: 64,221
Каза тапты: 4,900
Айыккандар: 29,184
Активдүү: 30,137
Belgium 62,210
Жуктургандар: 62,210
Каза тапты: 9,778
Айыккандар: 17,159
Активдүү: 35,273

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.