Орозодогу «болот-болбойт»: Чубак ажынын кеңештери

24-апрелден тарта Орозо айы башталып, ооз бекитилет. Ислам дининин талабына ылайык, балагатка жеткен жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү болгон адамдар үчүн орозо кармоо парз болуп эсептелет. Ошого карабастан ар кандай суроолор пайда болот. Ошол сыяктуу ойго салган соболдорго жооп тапканга аракет кылдык. Орозо тууралуу маалыматтар Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун “Марал” радиосу аркылуу берген сабактарынан топтолду.

Ниет маанилүү

Орозо кармоо үчүн адамдын ниет кылуусу шарт. Ал үчүн үнүн чыгарып же ичинен “ниет кылдым” деп айтуусу шарт эмес. Ооз бекитүүгө жүрөктүн каалоосу жетиштүү болот. Эрте менен ооз жабуу үчүн турганыңыз ниет катары саналат. Бирок айрым аалымдар жогорудагыдай негизде ниетти ооз менен айтуу керек деген ойду карманышат. Жыйынтыгында, эки түрүндөгү ниет тең туура болуп эсептеле берет. Бирок ооз менен айтып коюп, жүрөгүндө орозо кармоо ниети жок болсо, өтпөйт. Ошондой эле орозонун ар бир күнүнө өзүнчө ниет кылынат, “отуз күндүк орозого ниет кылдым” деп жалпы бир айтуу туура эмес. Ал эми эрте менен ооз бекитип, күндүн жарымына келгенде орозону бузууга ниет кылса да орозо бузулбайт. Орозо бир гана убакыттын келиши жана ар кандай аракеттин арты менен гана бузулат.

Уктап калсаңыз…

Ооз бекитүүгө тура албай калган адам эч нерсе жебей туруп, ойгонору менен дароо ниет кылуусу керек. Бирок бул жерде маани берилиши керек болгон бир жагдай бар. Сиз 12ге чейин туруп, дароо ниет кылсаңыз жарай берет. Кээде ооз бекитүү убагынан көп өтпөй ойгонуп же унутуп калып, суу ичип алып ниет кылгандар бар. Мындай орозо өтпөйт. Ал эми саат 12ден кийин ниет кылынган орозо да кабыл болбойт.

Саарлыкка туруңуз. Бул – сүннөт.

Эрте менен саарлык ичүү – сүннөт. Ооз ачар маалында тоюп жеп алып, эрте менен тамактанбай коюу – туура эмес. Анткени орозонун максаты – ашказанды кичирейтип, аны эс алдыруу. Ошол үчүн ооз ачканда чектен ашыкча жеп алган учурлар болот. “Көп жеп алып, ичиң жарылса, сооп болот” деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Мухаммед пайгамбар да: “Саарлыкка тургула, анда береке бар” деп осуят кылган. Дагы бир көңүл бурулушу керек болгон жагдай, ооз бекитүү убактысына аз калганда жабуу керек. Мисалы, 4:05те ооз бекитилиши керек болсо, күтүп 2-3 мүнөт калганда жабуу керек. Бир-эки саат мурда жеп, жаап койгон жакшы эмес.

Мусулмандын орозосунун өзгөчөлүгү – саарлык жегенинде. Эгерде чаңкап калуудан корксоңуз, тамактан соң 200-400 грамм жылуу суу ичип алсаңыз, суусунуңуз канып жүрөт.

Бала эмизген аялга орозо парзбы?

Боюнда бар жана бала эмизген аялдар орозодон бошотулат. Буга карабастан кармоого аракет кылуу – көр такыбалыкка жатат. Бул аракет баланын ден соолугуна терс таасир бериши толук мүмкүн. Эгерде бала 2 жаштан өтүп, өз алдынча тамак жеп баштап, сүткө муктаждык жоголгон болсо кармоого болот.

Кайсы оорулуулар орозодон бошотулат?

Ооруп жаткан адам орозо кармаса, дарты дагы да күчөп кете турган абалда болсо;

Ооруп жаткан адам орозо кармаса, сакаюусунун мөөнөтү узарып кете турган болсо;

Эч жери оорубай, бирок орозо кармаса, ооруп калуу ыктымалы көп болсо орозодон бошотулат. Бирок бул себептерди дарыгердин чечими тастыкташы керек. Өз алдынча бүтүм чыгаруу парзды аткаруудан бошотпошу мүмкүн.

Кандай дарылар орозону бузат?

Көзгө тамызылган дарылар орозону бузбайт. Мурунга тамызылып, андан ары тамакка кирип кете турган болсо, орозо бузулат. Кулакка тамызылган май бузат да, суу бузбайт. Мурунга, оозго улам дары сээп турушу керек болгон адамдар бар. Эгерде башты ылдыйга каратып чачып, мурундан же ооздун ичине кирип кетпей турган болсо, жарай берет. Ичине кирип кеткен абалда орозо бузулат.

Таравих кандай окулат?

Азыркы шартка байланыштуу таравих намазы да үйдө окулат. Шарият талабы боюнча бул намаз 20 рекеттен турат. Үй-бүлө менен окулган учурда атасы имамдыкка чыгып, балдары, жубайы жана кыздары анын артында туруп окуганга уруксат бар. Айрым интернет булактарында намаз шамдан кийин окула берет деген маалымат тараган. Бул таравих куптан намазынан соң гана окулушу керек. Сөзсүз түрдө 20 рекетти 2 же 4 рекеттен кылып, үзбөй окуу керек деген талап жок. Ортодо токтоп, китеп окуп же башка амалдарды кылып, андан соң улантса болот. Онлайн түрүндө жана башка үйдө жашагандар менен чогуу окууга болбойт. Негизи Куранды хатим кылып окуган жакшы. Эгерде сүрөөлөрдү билбесеңиз, билген сүрөөлөрдү кайталап окуй берсеңиз, жарай берет.

Карантинде ооз ачардын сообун кантип алабыз?

Негизи башкаларды ооз ачарга чакырган адам орозо кармагандын сообун алат. Бирок азыркы кырдаалда бул амалды ишке ашырууга мүмкүн болбой турат. Ошол үчүн жардамга муктаждарга же орозолорго каржылык жаткан жардам берип, болбосо азык-түлүк алып барып берүү да ошондой эле соопко ээ кылат.

Live Covid-19
USA 4,875,680
Жуктургандар: 4,875,680
Каза тапты: 159,408
Айыккандар: 2,451,260
Активдүү: 2,265,012
Brazil 2,755,081
Жуктургандар: 2,755,081
Каза тапты: 94,781
Айыккандар: 1,912,319
Активдүү: 747,981
India 1,901,334
Жуктургандар: 1,901,334
Каза тапты: 39,787
Айыккандар: 1,278,084
Активдүү: 583,463
Russia 861,423
Жуктургандар: 861,423
Каза тапты: 14,351
Айыккандар: 661,471
Активдүү: 185,601
South Africa 516,862
Жуктургандар: 516,862
Каза тапты: 8,539
Айыккандар: 358,037
Активдүү: 150,286
Mexico 443,813
Жуктургандар: 443,813
Каза тапты: 48,012
Айыккандар: 295,677
Активдүү: 100,124
Peru 433,100
Жуктургандар: 433,100
Каза тапты: 19,811
Айыккандар: 298,091
Активдүү: 115,198
Chile 362,962
Жуктургандар: 362,962
Каза тапты: 9,745
Айыккандар: 336,330
Активдүү: 16,887
Spain 344,134
Жуктургандар: 344,134
Каза тапты: 28,472
Айыккандар: -
Активдүү: 315,662
Colombia 327,850
Жуктургандар: 327,850
Каза тапты: 11,017
Айыккандар: 173,727
Активдүү: 143,106
Iran 314,786
Жуктургандар: 314,786
Каза тапты: 17,617
Айыккандар: 272,535
Активдүү: 24,634
UK 306,293
Жуктургандар: 306,293
Каза тапты: 46,210
Айыккандар: -
Активдүү: 260,083
Saudi Arabia 281,456
Жуктургандар: 281,456
Каза тапты: 2,984
Айыккандар: 243,713
Активдүү: 34,759
Pakistan 280,461
Жуктургандар: 280,461
Каза тапты: 5,999
Айыккандар: 249,397
Активдүү: 25,065
Italy 248,419
Жуктургандар: 248,419
Каза тапты: 35,171
Айыккандар: 200,766
Активдүү: 12,482
Bangladesh 244,020
Жуктургандар: 244,020
Каза тапты: 3,234
Айыккандар: 139,860
Активдүү: 100,926
Turkey 233,851
Жуктургандар: 233,851
Каза тапты: 5,747
Айыккандар: 217,497
Активдүү: 10,607
Germany 212,331
Жуктургандар: 212,331
Каза тапты: 9,232
Айыккандар: 194,700
Активдүү: 8,399
Argentina 206,743
Жуктургандар: 206,743
Каза тапты: 3,863
Айыккандар: 94,129
Активдүү: 108,751
France 191,295
Жуктургандар: 191,295
Каза тапты: 30,294
Айыккандар: 82,166
Активдүү: 78,835
Iraq 134,722
Жуктургандар: 134,722
Каза тапты: 5,017
Айыккандар: 96,103
Активдүү: 33,602
Canada 117,333
Жуктургандар: 117,333
Каза тапты: 8,953
Айыккандар: 101,839
Активдүү: 6,541
Indonesia 115,056
Жуктургандар: 115,056
Каза тапты: 5,388
Айыккандар: 72,050
Активдүү: 37,618
Philippines 112,593
Жуктургандар: 112,593
Каза тапты: 2,115
Айыккандар: 66,049
Активдүү: 44,429
Qatar 111,538
Жуктургандар: 111,538
Каза тапты: 177
Айыккандар: 108,254
Активдүү: 3,107
Egypt 94,640
Жуктургандар: 94,640
Каза тапты: 4,888
Айыккандар: 44,066
Активдүү: 45,686
Kazakhstan 93,820
Жуктургандар: 93,820
Каза тапты: 1,058
Айыккандар: 65,132
Активдүү: 27,630
Ecuador 87,041
Жуктургандар: 87,041
Каза тапты: 5,767
Айыккандар: 59,344
Активдүү: 21,930
China 84,464
Жуктургандар: 84,464
Каза тапты: 4,634
Айыккандар: 79,030
Активдүү: 800
Bolivia 81,846
Жуктургандар: 81,846
Каза тапты: 3,228
Айыккандар: 24,510
Активдүү: 54,108

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.