Коронавирустан айыккан 107-жаштагы апа

Түркияда 107-жаштагы Хавахан Карадеңиз коронавирус илдетинен айыкан дүйнөдөгү жашы эң улгайган адам болуп калды

Түркияда 107 жаштагы Хавахан Карадениз аттуу аял коронавирустан айыгып, ооруну жеңген эң кары адамдардын бири болуп калды. Бул тууралуу мамлекеттик “Анадол” маалымат агенттиги жазып чыкты.
7-апрелде Хавахан Стамбулдагы медициналык клиникага жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп кеткенине байланыштуу кабыл алынган. Коронавируска тест тапшырганда, тестин жыйынтыгы оң натыйжаны көрсөткөн.
Бир жума дарыланган соң ал аял 14 күндүк карантинге үйүнө чыгарылган..
Хавахан журналисттерге ал тамактануусуна өтө чоң көңүл бураарын, эртең мененки тамакта май, каймак, бал, сүт сөзсүз жеп турарын айткан.
Бул энебиз өмүрүңдө бир да жолу операция жасатпаганын журналисттерге баяндап берди.
Live Covid-19

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.