АудиоМакалаларМедиа
Алдыңкылар

15 жылдык эмгек. Куугунтук курмандыктарынын сырдуу тагдырлары эми ачылды…

Жакында “Кыргызстандагы куугунтук курмандыктары” аттуу үч бөлүктөн турган китептин биринчи тому жарык көрдү. Ага XX кылымдын 20-30-жылдарындагы куугунтук курмандыктары тууралуу документалдуу маалыматтар камтылган. Китептин автору, тарых илимдеринин кандидаты Жолдошбек Бөтөнөев бул эмгекти дээрлик 15 жыл топтогон.

Анын айтымында, куугунтук курмандыгы болгон жарандар тууралуу китептин кийинки томдору жакынкы убактарда чыгат. Бул эмгектин уникалдуулугу эмнеде экенин автордун оозунан угалы.

-Урматтуу Жолдошбек мырза, жарык көргөн китебиңизде XX кылымдын 20-30-жылдарындагы куугунтук курмандыктары тууралуу документалдуу архивдик маалыматтар камтылат экен. Эмгек тууралуу кыскача айтсаңыз, маалыматтар кайсы архивдерден топтолду?

— Бул эмгек үч чоң тарыхый мезгилди кучагына камтыйт. Тактап айтканда, XX кылымдын 20-жылдарынын башындагы басмачылык кыймыл. Экинчи этап – кулакка тартуу саясаты. Ал эми жыйынтыктоочу үчүнчү бөлүгү – Кыргызстандагы саясий репрециялар.

Тарыхый-саясий окуяларга байланыштуу архивдик документтерди өлкөнүн борбордук мамлекеттик архивинен баштап, Президенттин архивдик саясий документациялар бөлүмүнөн, УКМК, ИИМдин өздүк архивдеринен, облустук жана райондук архивдерден маалыматтар 5 жылдай аралыкта топтолду. Мындан сырткары, Орусиянын Оренбург облустк жана шаардык архивдери, ошол эле райондогу өмүр бою абакка кесилгендердин “Черный дельфин” атындагы түрмөсүнө чейин барып изилдеп, таап, алып келген маалыматтарды киргзгенге аракет кылдык.Өзгөчө басмачылык кыймыл боюнча бизде чындыгында маалыматтар аз болчу. Буга чейин бир-эки адам гана изилдеп, илимдин кандидаты деген илимий даражаларга ээ болсо, ал эми айрым тарычылар илимий макалаларды жазып гана чектелип келген.

Негизинен китепте Фергана өрөөнүндөгү басмачылык кыймыл жана ошол эле “басмачы” деген ярлык тагылган тарыхый көптөгөн адамдардын аттары ачык берилди. Ал кыймылдарды кимдер жетектеген, алардын канча жигиттери жана канча аскери болгон деген сыяктуу маалыматтар киргизилди.

Мисалы 20-жылдары Фергана өрөөнүндө басмачылардын саны 52 миң болгон экен. Бирок бир нерсени кошумчалай кетейин, бул китепке мен илимий баа бербедим. Архивде кандай болсо, ошол бойдон берилди. Архивке кирип ал маалыматтарды табуу, өчүп кеткен тамгалар, окулбай калган жазуулар, айрылган кагаздар менен иштөө абдан татаал нерсе. Ошолорду калыбына келтирип, китепке даярдап, аны чыгарып, китеп текчеге кое турганга даярдап койдук.

Эми тарыхка кызыккандар, басмачылык, кулакка тартууга, саясий репрессияга кызыккан тарыхчылар, окурмандар болсо, китептен кеңири маалымат алса болот. Анан ага негиздеп өздөрүнүн илимий методдорун колдонуп, илимий макалаларды жазышсын. Кааласа илимий долбоорлорду ишке ашырышсын. Эми бул жагын окурмандарга, илимпоздорго калтырабыз. Студенттер, магистранттар, докторанттар окуп, илим кылышсын, аларга мына, чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп калды.

— Ошол жылдардагы куугунтук курмандыктары кимдер экен?

— Китепте инсандардын саны абдан көп. Өзүңөр жакшы билесиңер, саясий репрессия боюнча Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев деп, баягы эле 137 адамды ноябрь айында Ата-Бейитке барып, аларды эскерип гүл коюп, анан Роза Айтматованы ээрчитип келип, сүйлөтүү салтка айланган. А бул китепте алар жок. Алар изилденип бүткөн. Модадан калган.

А бул китепке кирген басмачылык кыймылдын өкүлдөрү, кулактар, репрессияга туш болгон убакта ошол 137 адам, азыркынын сөзү менен айтканда, ак үй менен көк үйлөрдө, элди башкарып отурушкан. Ошолордун буйругу, көрсөтмөсү менен ушул адамдар бүт курмандыкка айланган.

20-30-жылдары Кыргыз автономиялуу облусунун, Кыргыз АССРинин, Кыргыз ССРинин башында турган чиновниктер кимдер эле? Албетте ошол 137 адам болгон. Ошолор Москвадан келген Сталиндин буйруктарын аткарып, ким кулак десе “Акмат, Ташмат кулак экен” деп, сталиндик-репрессиялык машинанын тегирменине ушулар салып беришкен. Кыргызда “кан кое бербейт”,-деген сөз бар.

Акыры келип өздөрү да бийликтин куугунтук курманына айланышты. Ошондогу курмандыкка чалынган адамдар тууралуу, алардын тагдыры тууралуу маалыматтар табылып, китепке киргизилди.

Эми алардын ар бирине токтолуп отурбайын. Китепке элге таанылбаган адамдардын тагдыры, алар тууралуу маалыматтар киргизилген. Бирок бир дайыны жок болуп кеткен буларды тууган-уругу, урпактары кандай күтүп, алар тууралуу маалымат издеп жүргөндө биз алар тууралуу маалыматтарды топтоп, китеп кылып чыгарып койдук. Негизи күч түзүмдөрүнүн архивине кириш кыйын да. А урпактары келип сураса береби-бербейби ал чоң маселе. А биз тарыхчы катары өзүбүздүн милдетибизди аткарып, ошол саргарган кагаздардын арасынан таап, жакшынакай кылып жазып, ак кагазга китеп кылып чыгарып, коюп койдук.

Бул китеп жарык көргөнгө чейин, даярдалып жатканда эле репрессия болгон, куугунтук жеген, кулак эле, басмачы эле деген көптөгөн адамдардын урпактары келип, өздөрүнүн чоң аталары жөнүндө маалымат алып кетип жатышты.

Мисалы Өзгөн районунун Куршаб айылынан бир жигит келип, чоң атасы тууралуу маалымат алып кетти. Аябай сүйүндү. Таптакыр кабары жок болуп жоголуп кеткен экен эле. Ошого эч нерсе билишкен эмес. Анан мендеги маалыматтар менен таанышып, РСФСРдын кылмыш жаза кодексинин кайсы беренеси менен эмне күнөөсү үчүн кеткендердин баарын көрүп алып, таң калып кетип жатышты. Алардын арасында келечекте чоң атам тууралуу китеп жазып бериңиз дешүүдө. Мындайлар толтура.

Анан бир маселе – ошол кездеги репрессияга кабылган адамдардын урпактарынын дээрлик баары “менин чоң атам, бай болгон экен, басмачы болгон экен, кулак болгон экен. Анан орустар кармап кеткенден кийин дайынсыз”,-деп жүрүшөт. Атам бай эле дегендердин архивдик документтерин карасак, айрымдары колхоздун коюн уурдагандыгы үчүн камалып кеткендер бар экен. Андайлардын урпактары келип, бул туура эмес, жалган деп кетип атышат. Алар мактанып жүрүшөт да “менин атам бай болгону үчүн кулакка тартылыптыр”,-деп. Архивде ал бай эмес эле кыпкызыл ууру болгон экен. Жазылып турат. Көрдүңөрбү, тарых ушундай кызыктуу да.

Эми алдыда бизде чоң милдеттер турат: алардын сүрөттөрүн алуу керек. Архивде ар биринин сүрөтү бар. Бирок аны УКМК менен ИИМ бербей атат. Эмнеден коркушат, мен таң калам. Алар бериш керек, ачыкка чыгарып, китеп кылып жазыш керек. Урпактары чоң атасы кандай киши болгонун сүрөттөрүнөн көрүш керек да. Кааласа сүрөтүн чыгарып үйүнө илип алышсын.

Сталиндик саясатты орустар өздөрү баш болуп сындап атышат. А биздин кыргыздар орустар эмне дейт деп дагы эле коркуп отурабыз. Тиги кошуна өзбектер, казактар, тажиктер, түркмөндөр, андан сырткары, башка союздук мамлекеттер алда качан эле китептерди томдук-томдук кылып чыгарып койгон. А бизде жатат.

20-30-жылдары 40 миңден ашык адам репрессияланып атат. 40 миңден ашык. Анда кеткенде да кимдер кетип атат? Билимдүүлөр менен байлар, анан калктын каймактары кетип атат. Ошол үчүн да биз лидер чыгара албай атат окшойбуз да. Жалаң азган-тозгондор менен “кудайдан жөө качкандар” калып, а калктын тектүү каймактары жок калгандыктан болуп атат окшойт деп ойлоп коем.

— Документтер канча жыл топтолду?

— Бул китеп 2007-жылдан берки топтолгон эмгек, башкача айтканда, 15 жылдан бери топтолуп келген. Жалпысынан үч китеп кылып даярдадык. Биринчиси 467, кийинкиси 580, үчүнчүсү 720 барак болду окшойт. Азыр биринчиси 500 нускада чыкты. Аны сатып, экинчисин чыгарып, аны сатып үчүнчүсүн чыгарам деп турам. Мугалимдей бай эмеспиз, айлык менен жашайбыз дегендей.

 

— Бул тарыхый, документалдуу китеп ЖОЖдорго, мектептерде окуу куралы катары окутулабы? Ушул жагына аракет көрүлүп жатабы?

— Адашпасам, мектепте тарыхты 5-класстан баштап окуйт. Университеттердин бардык адистиктеринде Кыргызстандын тарыхы милдеттүү түрдө окутулат. Бул өңүттөн алып караганда мектеп, колледж, ЖОЖдордо студенттер муну негизги булак кылбаса дагы, кошумча булак, маалымат катары окуйт. Ал эми тарых адистигиндегилер үчүн сөзсүз баалуу булак деп эсептелет. Аны жөн эле окубастан, илим кылса болот, илимий долбоорлорду жазса болот.

Мен ойлойм, бул – кыргыз тарыхынын актай барактарын толтурганга чоң салымын кошот. Анткени 20-30-жылдардагы 10 жыл аралыгында 3 чоң саясий-тарыхий окуя жөнүндө маалымат чыгып атат. Анын арасында мурда жарык көтө элек фото документтер бар. Бул китептеги маалыматтар убагында “Совершенно сектретно”, “Строго секретно”, “Срочно секретно” деген печаттар басылган. Эми ошолор ачылып, архивдерден алынып, элге окууга сунушталып атат. Ошондуктан бул абдан баалуу, алтынга алмаштыргыс байлык.

Китептеги ар бир инсан жөнүндө өзүнчө китеп жазса болот. XX кылымдын 20-жылдарындагы чоң атасы жөнүндө маалымат табат деген сөз – башка элди билбейм, кыргыз эли үчүн абдан чоң нерсе. Бүгүнкү күндө көрүп атпайбызбы, атасы айыл өкмөт башчысы болуп, кокту-колоттун чоңдорун деле аш-тойлорду кылып, даңазалап атпайбы.

Мурда кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган деген мода эле. Эми азыр бай-манаптын үйүндө туулган, казынын, бийдин, молдонун урпагы экен деген модага айланды. Азыр жөнөкөй кыргыз калган жок. Бул өңүттөн караганда, алардын урпактары таап алса, аябай сүйүнөт. Аны сезип эле турам.

— Рахмат маегиңизге

Back to top button