АР БИР ООРУНУН ДААРЫСЫ БАР (ШЫПААСЫ) БАР

АР БИР ООРУНУН ДААРЫСЫ БАР (ШЫПААСЫ) БАР

✍🏻Муслим өз “Сахихинде” Аллахтын Элчисинин (с.а.в) мындай дегенин кабарлайт:
“Ар бир оорунун шыпаасы бар, ошондуктан, эгерде ооруга ылайыктуу дарыны пайдаланса, анда, ошол дары ал ооруну айыктырат, инша Аллах”
Мындан сырткары, эки “Сахихте” тең Аллахтын Элчисинин (с.а.в) мындай деп айтканы кабардалат:
“Аллах Таала шыпаасы жок эч бир ооруну түшүргөн эмес”…

📍 Имам Ахмаддын кабарлоосу боюнча Усама ибн Шурайк (р.а.) айтат: “Бедуиндер Аллахтын Элчисинин (с.а.в) алдына келип: “Оо, Аллахтын Элчиси! Бизге дары издегенге болобу?” -деп сурашканда, мен анын жанында элем. (Ошондо) ал айтты:
“Ооба (болот) оо, Аллазтын кулдары шыпаа издегиле, анткени Аллахтын кулдары! Шыпаа издегиле, анткени Аллах эч бир ооруну шыпаасыз жараткан эмес, бирок бир гана оорунун шыпаасы жок”. Тигилер сурашты: “Ал кайсыл оору?” Ал (с.а.в) айтты: “Карылык”. ..

📍 Имам Ахмад “Муснадда” Аллахтын Элчисинин (с.а.в) мындай дегенин кабарлайт:
“Аллах Таала эч бир ооруну шыпаасыз жараткан эмес. Бирок анын (шыпаалуу) дарысын билгендер билишет, билбегендер – билишпейт…..”

“Муснадда” жана эки “Сунанда” (Тирмизи жана Ибн Мажа тарабынан) Абу Хумазанын (р.а) мындай дегени кабардалат: “Мен: “Оо, Аллахтын! Биз колдонуп *”рукиййа”* (илахий шыпаалар жана исламий дуа’лар менен дарылоо ыкмасы), биз ичип жаткан дарылар, биздин (оорулардан) сактанууга жасаган аракеттерибиз, (кыскасы) булардын баары Аллахтын жазган тагдырын өзгөртө алышы мүмкүнбү?” Ал (с.а.в) айтты:
“Булар – Аллах жазган тагдырдын бир бөлүгү”.
Бул хадистердин баары бул дүйнөдөгү баардык нерселердин пайда болуу себеби да, жана ал себептерди жок кылуучу каражаттар да бар экенин көрсөтүп турат.

📘 “Мухаммад пайгамбарыбыздын с.а.в медицинасы” китебинен.

🧕Даярдаган: Махарам Муслима.

Эскертүү!!! Макаланы башка тармактарга таркатууну кааласаңыз өзгөртүүсүз таркатыңыз! Аманат!!!
________________________________________

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 555 401 133

📲+996 778 503 695

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Live Covid-19

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.