alternatetext Багымдат: 04:28 | alternatetextКүн чыгуу: 06:11 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:53 | alternatetextШам: 19:54 | alternatetextКуптан: 21:38
ЖаңылыктарРубрикасыз

Ошто «Ислам-тынчтыктын жарчысы» аттуу китеп окуу сынагына 1400дөн ашуун окурмандар катышышты

Бүгүн, 10-апрелде Ош мамлекеттик университетинин Теология жана Биология факултетинде «Ислам-тынчтыктын жарчысы» аттуу китеп окуу сынагы болуп өттү. Аталган сынактын ачылышына Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, “Адеп башаты” прогрессивдүү коомдук фондунун Оштогу мүдүрү Дауд Абы уулу жана Кыргызстан Ислам университетинин проректору Акимбай уулу Равшан ажы катышышып, катышуучуларга ийгилик каалашты. Китеп окуу сынагы “Радиус Салихин (тандалган хадистер)”, “Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) өмүр баяны”, “Абу Ханифа и ханафитский мазхаб” аталышындагы 3 китептин негизинде тест түрүндө өткөрүлүп жалпысы Ош облусу жана Ош шаарынын аймагынан 1400дөн ашуу окурмандар катышышты.
Эскерте кетсек, сынактын жыйынтыгы 20-апрелде Бишкек шаарында чыгарылат.
Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button