ТӨРТ АЯЛ

ТӨРТ АЯЛ

ТӨРТ АЯЛ

Илгерки доорлордо бир падыша төрт аялдуу болгон экен.Баары эс-акылы жана чырайы келишкен болсо да,бирок падыша алардын ичинен эң кичүүсү –төртүнчүсүн көбүрөөк жакшы көрөөр эле.Анткени ал жаш жана назик болгон.Сүйүктүү төртүнчү аялы ар дайым кымбат баалуу кийимдерди кийип,асыл таштар менен курчалган.
Султан үчүнчү аялын да өзгөчө жакшы көрчү,анткени ал дүйнөдөгү не бир сулуу аялдардын бири эле.Башка өлкөлөргө саякатка барганда да падыша башка адамдар арасында мактануу максатында ар дайым үчүнчү аялын кошо алып жүрчү. Бирок ар дайым башка эркекке кетип калбасын деген коркунучта өтөөр эле.
Экинчи аялын да падыша абдан жактыраар эле,анткени ал өтө зээндүү жана куу болчу.Ал башкалардан акылы,сабыры жана адамгерчилиги менен айырмаланып турган.Кандай гана кыйынчылык болбосун,султан экинчи аялына кайрылып,мыкты кеңеш алган.
Биринчи аялы баарынан эң улуусу эле.Учурунда султан бул аялын улуу байкесинен мурас катары алган.Бул аялы абдан күйөөсүнө берилген жана ишенимдүү экен. Баардык күчүн күйөөсүнүн байлыгын жана мансабын көбөйтүүгө жумшаган.Күйөөсүн абдан жакшы көрсө да,султан ага көп деле көңүл бурбастан,жакшы деле көрчү эмес.
Күндөрдүн биринде султан каттуу ооруп,өлүм төшөгүнө жатып калат.Аманатын тапшыраар мезгил жакындап калганын сезген падыша баардык аялдарын топтоп,аларга мынтип кайрылат:
-Жакшыбы же жаманбы силер менен бирге өмүр сүрдүм.Бул жерде төрт аялым болсо,кабырда жалгыз жатат экенмин.Сен менин эң сүйүктүү аялым элең.Баардык нерсенин эң жакшысын сага берчүүмүн.Азыр өлүм төшөгүндө жатамын,мени менен бирге тиги дүйнөгө кетесиңби?-деп эң кичүү,төртүнчү аялына кайрылат.
-Бул нерсе кыялыңа да келбесин!-деп ачуулана жооп берген жаш аялы кетип калат.
Муну уккан ооруп жаткан падышанын абалын андан да начарлап:
-Өмүр бою сага суктанып келдим.Азыр мени менен кабыр жашоосун тең бөлгөнгө даярсыңбы?-деп үчүнчү аялына кайрылат.
-Эми сен деле эстүүсүн да. Өлгөндүн өзүнүн шору демекчи, сен өлсөн деле,жашоо улана берет да.Балким мен кайра турмушка чыгамбы,-деп жооп берет үчүнчү аялы.
Мындай соккудан улам,көңүлү чөккөн падыша,экинчи аялына кайрылат:
-Оор абалда ар дайым сага кайрылаар элем.Менин эң мыкты кеңешчим сенсин.Эми да мени менен тиги дүйнөгө сапар тартканы макулсуңбу?-деп кайрылат.
Анда экинчи аялы:
-Сага ар дайым жаншерик болгонмун,ал нерсе акыйкат.Бирок бул жолку сапарыбыз ажырайт го.Сен өлгөндө мансабыңа жараша чоң салтанат менен жерге берип койгонго гана убада бере алам.
Бул сөздөрдөн улам султан үмүтсүздүккө батып турган убакта:
-Мен сиз менен кайда болбосун барууга даярмын,мен ар дайым сиз менен бирге болом!-деген үн угулат.
Сүйүнүп кеткен султан өз көзүнө ишенбеди,анткени бул сөздөрдү айткан анын биринчи аялы эле.Күйөөсүнүн оорусуна кейиген аял абдан арыктап,жүдөп калган экен.Сүйүнгѳн султан:
-Сенин баркыңды соо мезгилимде билбеген экенмин,эми гана башыма кайгы келгенде сезбедимби,аттиң ай!-деп башын мыкчыйт.
Бул албетте жөн гана бир ибраттуу окуя,бирок бул салыштырмалуу гана икая.
Чындыгында бул жашоодо баарыбыздын төрт аялыбыз бар:
4. аял-бул денебиз.Аны канчалык сүйүп ,жакшы көрбөйлү,ал биз менен чын дүйнөгө кетпейт.
3. аял-бул биздин жумуш,мансап жана акчабыз.Биз өлгөндөн кийин акыйкатта анын баары башка бирөөгө өтүп кетет.
2.аял-бул биздин бала-чака,урук-тууганыбыз.Алар өмүр бою бизге жардам берип,өз кеңешин аябайт.Бирок денеден жан чыккан соң,кабырга чейин гана узатканга жетишет.
Ал эми биздин 1. аялыбыз-бул биздин сооп амалдарыбыз.Бул жашоодо көбүнчө биз ага кош көңүл болуп,анчейин эле көңүл бура бербейбиз.Ага болгон ойдон бизди акча,бийлик,мансап жана убактылуу ырахат азгырып турат.Бирок канчалык ага терс мамиле кылсак да,бир гана ушул «аялыбыз» бизге тубөлүктүү жолдош боло алат.
Өз амалдарыбызга бекем болууну унутпайлы,туугандар.Анткени кыргыз элинде бекеринен «Ыйманы жолдош болсун» деген кеп айтылбаса керек.

Которгон:Нуриет Абдулазиз.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Live Covid-19
USA 3,097,084
Жуктургандар: 3,097,084
Каза тапты: 133,972
Айыккандар: 1,354,863
Активдүү: 1,608,249
Brazil 1,674,655
Жуктургандар: 1,674,655
Каза тапты: 66,868
Айыккандар: 1,117,922
Активдүү: 489,865
India 743,481
Жуктургандар: 743,481
Каза тапты: 20,653
Айыккандар: 457,058
Активдүү: 265,770
Russia 694,230
Жуктургандар: 694,230
Каза тапты: 10,494
Айыккандар: 463,880
Активдүү: 219,856
Peru 309,278
Жуктургандар: 309,278
Каза тапты: 10,952
Айыккандар: 200,938
Активдүү: 97,388
Chile 301,019
Жуктургандар: 301,019
Каза тапты: 6,434
Айыккандар: 268,245
Активдүү: 26,340
Spain 299,210
Жуктургандар: 299,210
Каза тапты: 28,392
Айыккандар: -
Активдүү: 270,818
UK 286,349
Жуктургандар: 286,349
Каза тапты: 44,391
Айыккандар: -
Активдүү: 241,958
Mexico 268,008
Жуктургандар: 268,008
Каза тапты: 32,014
Айыккандар: 163,646
Активдүү: 72,348
Iran 245,688
Жуктургандар: 245,688
Каза тапты: 11,931
Айыккандар: 207,000
Активдүү: 26,757
Italy 241,956
Жуктургандар: 241,956
Каза тапты: 34,899
Айыккандар: 192,815
Активдүү: 14,242
Pakistan 237,489
Жуктургандар: 237,489
Каза тапты: 4,922
Айыккандар: 140,965
Активдүү: 91,602
Saudi Arabia 217,108
Жуктургандар: 217,108
Каза тапты: 2,017
Айыккандар: 154,839
Активдүү: 60,252
South Africa 215,855
Жуктургандар: 215,855
Каза тапты: 3,502
Айыккандар: 102,299
Активдүү: 110,054
Turkey 207,897
Жуктургандар: 207,897
Каза тапты: 5,260
Айыккандар: 185,292
Активдүү: 17,345
Germany 198,355
Жуктургандар: 198,355
Каза тапты: 9,103
Айыккандар: 182,700
Активдүү: 6,552
France 168,810
Жуктургандар: 168,810
Каза тапты: 29,933
Айыккандар: 77,655
Активдүү: 61,222
Bangladesh 168,645
Жуктургандар: 168,645
Каза тапты: 2,151
Айыккандар: 78,102
Активдүү: 88,392
Colombia 124,494
Жуктургандар: 124,494
Каза тапты: 4,359
Айыккандар: 51,861
Активдүү: 68,274
Canada 106,167
Жуктургандар: 106,167
Каза тапты: 8,711
Айыккандар: 69,883
Активдүү: 27,573
Qatar 100,945
Жуктургандар: 100,945
Каза тапты: 134
Айыккандар: 94,903
Активдүү: 5,908
China 83,572
Жуктургандар: 83,572
Каза тапты: 4,634
Айыккандар: 78,548
Активдүү: 390
Argentina 83,426
Жуктургандар: 83,426
Каза тапты: 1,644
Айыккандар: 30,095
Активдүү: 51,687
Egypt 77,279
Жуктургандар: 77,279
Каза тапты: 3,489
Айыккандар: 21,718
Активдүү: 52,072
Sweden 73,344
Жуктургандар: 73,344
Каза тапты: 5,447
Айыккандар: -
Активдүү: 67,897
Indonesia 66,226
Жуктургандар: 66,226
Каза тапты: 3,309
Айыккандар: 30,785
Активдүү: 32,132
Iraq 64,701
Жуктургандар: 64,701
Каза тапты: 2,685
Айыккандар: 36,252
Активдүү: 25,764
Belarus 64,003
Жуктургандар: 64,003
Каза тапты: 436
Айыккандар: 51,902
Активдүү: 11,665
Ecuador 63,245
Жуктургандар: 63,245
Каза тапты: 4,873
Айыккандар: 29,071
Активдүү: 29,301
Belgium 62,058
Жуктургандар: 62,058
Каза тапты: 9,774
Айыккандар: 17,122
Активдүү: 35,162

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.