БҮКҮРДҮ КАБЫР ГАНА ТҮЗДӨЙТ

БҮКҮРДҮ КАБЫР ГАНА ТҮЗДӨЙТ

“Өлгөн адамды сөз кылбайт” деп айтып коюшат эмеспи.Бирок жыл башталганда эле бири Кыргызстандын аркы учу болгон Баткенден, экинчиси берки учунда турган Кочкордон эки эненин үрөй учурган аянычтуу өлүмдөрүнөн кийин айла жок арабыздан кеткен эки адамдын жоругун айтууга мажбур болдум.Эненин өмүрүнө кыянаттык менен кол салынган окуя өзүбүздүн эле Кочкор районунда, болгондо да биздин Ак-Кыя айыл Өкмөтүнүн курамына кирген кошуна Жаңыжол айылында болуп өткөнү ачуумду келтирди…
Азыр кайсы гана молдокелер болбосун: “Үйлөнгүлө. Үй-бүлө күткүлө. Акыретте Пайгамбарыбыз үммөттөрүнүн көптүгү менен сыймыктанат”,- деп айтышат да, бирок никенин өкүмдөрүн айтышпайт. Динибизде кээ бир адамдардын үй-бүлө күтүүсүн АРАМ деген чектөөлөр бар экенин да айтышпайт.
Эгер бир эркек адам үйлөнгөндөн кийин аялына кордук, зордук, зомбулук көрсөтпөйм деп кепилдик бере албайм деп өзүнө ишенбесе анын үй-бүлө күтүшү арам болот. Никеге байланыштуу дин маселесин далилдери менен жазарбыз, азыр болсо арабызда жок эки адам жөнүндө айтып берейин…

Биздин айылда 1976-жылкы эки байке бар болчу. Экөө тең үлдүрөгөн алсыз, көчөдө жүрсө кой оозунан чөп албаган момун, эркектер арасында чабалдардан эле. Кийин экөө тең эр жетип үй-бүлө күтүштү. Бирок ошол экөө тең алган келинчектерине күн көргөзүшпөй касап чыгышканын алар менен классташ байкелер, айылдын эли сөз кылышчу. Алардын бири конокко барса аялын бурчка отургузуп өзү буту менен тосуп алып, башка бир классташы карап койсо аялын дасторкон үстүндө сабачу экен. Анын ал жоругун билгендер аны акыркы кездери шеринелерине, жакшылыктарына чакыргандан заарканчубуз дейт. Экинчи байке болсо аялы көчөгө суу алганы чыкканда жанында башка кошуна эркектер чакасын көтөрүп туруп калганын көрүп калса ошол жерден сөгүп-сагып үйүнө кубалап кирип эки-үч күн көкала кылып сабачу экен. Аялы дүкөнгө баргандан да коркчу дешет…
Экөө тең 2-3 балалуу болгондон кийин аялдары акыры төркүндөрүн көздөй кетип ажырашып кутулушту…
Экөөнүн тең аялдары кеткенден кийин үйлөрүнөн кут кошо кеткендей көчөлөп арак ичип калышты. Алардын зөөкүрдүгүнө башка тирүү жан чыдап турмак эмес…
Өздөрү башкалардан таяк жеп кордук көрө башташты. Акыры бири короосунда асынып өлсө, экинчиси он жаш кичүү баладан бычак жеп каза болду…
Мүмкүн кээ бирлери ошол эки келин өздөрү шүмшүк же тилдери узун деши мүмкүн. Жок алар жакшы, ыймандуу келиндер болчу.
Азыр ошол эки жеңебиз тиги экөөнүн зордугуна чыдап жүрө беришпей ырас эле кетип калышыптыр деп кубандым. Болбосо ал экөөнүн жанын алып тынышмак окшойт…

Бир араб акынынын “Бул топурак бир күнү сенин үстүңө чачылат” деген ыры эсиме түштү…
Бул дүйнөдө эч ким, эч кимге кордук, зордук көрсөтүүгө акысы жок!
Мейли аялыңбы же апаңбы, балаңбы же атаңбы, тууганыңбы же таанышыңбы эч ким бирөөгө муштум көтөрүп зордук көрсөтүүгө акысы жок!!!
Үйдө баатыр жоодо жок, сыртта жибек үйдө болот болгон, зөөкүр уулуңар болсо үйлөнтпөй эле койгулачы байболгурлар!
Башка бирөөнүн чырактай кызын өлтүргөн күйөө ал адам эмес!
Алардын кылыгын дин да, мыйзам да түздөй албайт! Бүкүрдү кабыр гана түздөйт!!!!

Live Covid-19
USA 3,097,084
Жуктургандар: 3,097,084
Каза тапты: 133,972
Айыккандар: 1,354,863
Активдүү: 1,608,249
Brazil 1,674,655
Жуктургандар: 1,674,655
Каза тапты: 66,868
Айыккандар: 1,117,922
Активдүү: 489,865
India 743,481
Жуктургандар: 743,481
Каза тапты: 20,653
Айыккандар: 457,058
Активдүү: 265,770
Russia 694,230
Жуктургандар: 694,230
Каза тапты: 10,494
Айыккандар: 463,880
Активдүү: 219,856
Peru 309,278
Жуктургандар: 309,278
Каза тапты: 10,952
Айыккандар: 200,938
Активдүү: 97,388
Chile 301,019
Жуктургандар: 301,019
Каза тапты: 6,434
Айыккандар: 268,245
Активдүү: 26,340
Spain 299,210
Жуктургандар: 299,210
Каза тапты: 28,392
Айыккандар: -
Активдүү: 270,818
UK 286,349
Жуктургандар: 286,349
Каза тапты: 44,391
Айыккандар: -
Активдүү: 241,958
Mexico 268,008
Жуктургандар: 268,008
Каза тапты: 32,014
Айыккандар: 163,646
Активдүү: 72,348
Iran 245,688
Жуктургандар: 245,688
Каза тапты: 11,931
Айыккандар: 207,000
Активдүү: 26,757
Italy 241,956
Жуктургандар: 241,956
Каза тапты: 34,899
Айыккандар: 192,815
Активдүү: 14,242
Pakistan 234,509
Жуктургандар: 234,509
Каза тапты: 4,839
Айыккандар: 134,957
Активдүү: 94,713
Saudi Arabia 217,108
Жуктургандар: 217,108
Каза тапты: 2,017
Айыккандар: 154,839
Активдүү: 60,252
South Africa 215,855
Жуктургандар: 215,855
Каза тапты: 3,502
Айыккандар: 102,299
Активдүү: 110,054
Turkey 207,897
Жуктургандар: 207,897
Каза тапты: 5,260
Айыккандар: 185,292
Активдүү: 17,345
Germany 198,355
Жуктургандар: 198,355
Каза тапты: 9,103
Айыккандар: 182,700
Активдүү: 6,552
France 168,810
Жуктургандар: 168,810
Каза тапты: 29,933
Айыккандар: 77,655
Активдүү: 61,222
Bangladesh 168,645
Жуктургандар: 168,645
Каза тапты: 2,151
Айыккандар: 78,102
Активдүү: 88,392
Colombia 124,494
Жуктургандар: 124,494
Каза тапты: 4,359
Айыккандар: 51,861
Активдүү: 68,274
Canada 106,167
Жуктургандар: 106,167
Каза тапты: 8,711
Айыккандар: 69,883
Активдүү: 27,573
Qatar 100,945
Жуктургандар: 100,945
Каза тапты: 134
Айыккандар: 94,903
Активдүү: 5,908
China 83,572
Жуктургандар: 83,572
Каза тапты: 4,634
Айыккандар: 78,548
Активдүү: 390
Argentina 83,426
Жуктургандар: 83,426
Каза тапты: 1,644
Айыккандар: 30,095
Активдүү: 51,687
Egypt 77,279
Жуктургандар: 77,279
Каза тапты: 3,489
Айыккандар: 21,718
Активдүү: 52,072
Sweden 73,344
Жуктургандар: 73,344
Каза тапты: 5,447
Айыккандар: -
Активдүү: 67,897
Indonesia 66,226
Жуктургандар: 66,226
Каза тапты: 3,309
Айыккандар: 30,785
Активдүү: 32,132
Iraq 64,701
Жуктургандар: 64,701
Каза тапты: 2,685
Айыккандар: 36,252
Активдүү: 25,764
Belarus 64,003
Жуктургандар: 64,003
Каза тапты: 436
Айыккандар: 51,902
Активдүү: 11,665
Ecuador 63,245
Жуктургандар: 63,245
Каза тапты: 4,873
Айыккандар: 29,071
Активдүү: 29,301
Belgium 62,058
Жуктургандар: 62,058
Каза тапты: 9,774
Айыккандар: 17,122
Активдүү: 35,162

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.