КЕЛЕ ЭЛЕК КҮНГӨ ШАШПА

КЕЛЕ ЭЛЕК КҮНГӨ ШАШПА

“Алланын буйругу келет, силер ага шашпагыла”. (Нахл сүрөөсү: 1-аят)

Боло элек окуялар үчүн шашпа, боюнда бар аялдын курсагындагы баласы толук жетиле электе боюнан түшүүсүн каалайсыңбы?! Мөмөнү быша электе үзүүнү каалайсыңбы?! Эртеңки күн жоголгон сыяктуу анын сага кандай болуп келээри али белгисиз, ал күн али пайда боло элек, анын даамы да жок, түсү да жок, андай болсо эмне үчүн биз өзүбүздү кыйнайбыз, ал үчүн көгөйлөргө түшөбүз, бир окуялар болот деп кабатырланабыз, ал келе элек күн бизге насип кылабы же жокпу, ал күн курсантчылыкпы же жокпу?! Негизгиси ал күн кайып, али пайда боло элек күн, биз көпүрөгө келбей туруп, көпүрөдөн кантип өтүп кетмек элек, ким билсин?! Мүмкүн көпүрөгө жетпей токтоп калабыз, мүмкүн көпүрө биз жеткенче бузулуп кетет, мүмкүн көпүрөдөн аман-эсен өтүп кетебиз.

Келечек тууралуу кеңири ойлонуп, анан келе элек күндөр үчүн кайып эшиктерин ачып: өзүнчө ушундай жаман нерсе болот, тигиндей жаман окуя болот деп кайгы-капага батуу бул шариятта жаман жана туура эмес көрүнүш. Анткени, бул нерсе инсанды көп ойго салат, акылга салганда да туура эмес көрүнүш жана жаман мүнөз. Бул дүйнөдө көптөгөн инсандар бар келечекти ачарчылык, кембагалчылык, оору, кайгы, кырсык ж.б.у.с. божомолдорду ойлошот, булардын баары шайтандын мектебиндеги азгырык сабактарынан. Алла Таала Ыйык Куранда мындай дейт:

“Шайтан кедейликти убада кылып, бузукулукка буйруйт, Алла силерге Өзүнүн кечиримин жана ырайымын убада кылат. Чындыгында, Алла – Баарын Камтуучу, Билүүчү”. (Бакара сүрөөсү: 268-аят)

Көптөгөн инсандар эртең ачка калабыз, бир жылдан кийин ооруп калабыз, жүз жылдан кийин бул аалам бүтөт экен деп ыйлашат. Инсандын өмүрү Алланын колунда болгондон кийин келе элек жок нерсеге алданбоо керек, качан өлөөрүн билбегенден кийин, жок нерсе үчүн алек болуп кайгырбоо керек.

Алдыдагы күн келгенче шашпа, ал жөнүндө сураба, анын чабуулун күтпө, анткени, сен бүгүнкү күн менен алексиң.

Таң калыштуусу кээ бир инсандар али келе элек күнү үчүн үмүттөнүшөт, ушундай жаман нерсе болот, ошол күндү унутуу үчүн тигиндей-мындай нерселерди жасайлы деп аябай кыжалат болушат, ошондуктан, андай үмүттөрдөн алыс бололук.

📔Капаланба китебинен.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Live Covid-19

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.