Белгилүү аалым Бактияр ажы Шарапов илимий иш сапары менен Жалал-Абад шаарында болду

13-октябрда  белгилүү аалым Бактияр ажы Шарапов  илимий иш  сапары менен Жалал-Абад шаарына келди.

Иш сапар алкагында дин аалымы Жалал-Абад шаарында кыз-келиндер үчүн таалим-тарбияга чакырган “Үй-бүлөнүн бекемдиги” темасындагы баяндамасын жасады. Андан кийин өз баяндамасын жасаган соң мекендештердин кызыктырган суроолоруна  жооп берди.

Бактияр ажы Шараповдун сабагына катышкысы келген айымдардын, апалар түрдүү региондордон да келишти.

3 саатка созулган илимий сабакта дин аалымы кыз-келиндер жана энелер үчүн зарыл болгон аял затынын үй-бүлөдөгү орду, ислам динин баалуулуктары тууралуу жана башка маселелер тууралуу айтып берип, айымдардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Live Covid-19

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.