💔УУЛАНГАН ЖҮРӨК

Бир кыз турмушка чыгып айылда жалгыз жашаган кайненеси менен биргеликте туруп калышат. Турмушка чыкканына бир жума боло элек жатып келини кайненеси менен бир түндүктүн алдында жашоо мүмкүн эместигин түшүнөт. Анткени экөөнүн мүнөздөрү бири-бирине терс келип, келин кандай иш аткарса да энесинин көңүлүнө толбой: бул нерсе туура эмес, тигини тетири жасаптырсың деп эптеп шылтоо таап кагып-силке берет. Келин күйөөсүн өтө жакшы көргөндүктөн кайненесинин “бөйрөктөн шыйрак чыгарган” кыялына чыдап жүрө берет. Арадан төрт ай убакыт өткөндөн кийин кайненесинин заар тили менен жемесинен тажаган келини айласы кетип, ошол чөлкөмдө дары чөптөрү менен атагы таш жарган табып аялга барат. Апакай кийинип отурган табыптын бет маңдайына келген келиндин көздөрүнөн жаш тамчылап:
– Касиетиңден айланайын эжекебай! Мени бир балээден куткарыңыз. Мен үчүн жашоо токтоду. Кайненем кактабай канымды соруп өлтүрмөк болду. Болду мен чыдай албайм! Кайненемдин жанын тынчытайын деп чечтим. Ал мастанды билгизбей өлтүрө турган дары бериңизчи,-деп буркурап ыйлайт.
Келинди жалооруп караган табып аял жанындагы текчеде турган кичинекей айнек кутудагы көк дарыны колуна алып, бечара болуп отурган келиндин башынан сылап:
– Кызым… Баары кудайдан… Бирок мен сенин арманыңды жеңилдетким келди. Сен жапжаш кыз экенсиң. Кайненең болсо өмүрдүн ширин сууларын эчак эле татып койгон экен. Сен жашашың керек. Жалаң уулуу чөптөрдөн жасалган бул дарыны кайненеңдин тамагына күн сайын эки ирет кошуп тур. Бирок дарыны аз-аздан кошушуң керек. Анан кайненеңдин өлүмүнө сенин тийешең бар экенинен эч ким күмөн санабашы үчүн энеңе 3 ай бою абдан жакшы карагын. Анын айткандарын каяша кылбай аткарып, тилин угуп, жакшы көргөн тамактарын жасап берип, үстү-башына көңүлүңдү буруп карагын. Анан толук 3 ай өткөндөн кийин бул уу таасирин берип кайненең келбес жайга ээк кагып кете берет,- деп батасын берип узатат.

Ал күнү келин үйүнө маңдайы жарыла сүйүнүп кубанычтуу келет. Ошол күндөн тартып кайненеси жакшы көргөн тамактарын буркурата жасап уудан тамчылатып кошуп бере баштайт. Кайненесин көрсө кабагын түйүп отурган мүнөзүн жадыраган күлкүгө айлантып, табып айткандай анын тилинен чыкпай, бардык иштерди майын чыгара жасап, кайненесине өз энесинен артык кам көрүп баштайт. Капталында ажал тооруп турганы менен иши жок кайненеси келининин бир заматта өзгөргөнүнө жетине албай, урушканга да шылтоо таппай келинди өз кызынан артык көрүп мээримин төгө баштайт. Келини да энесинин минтип жакшы жагына өзгөрүп кетерин күтпөгөндүктөн өзүнүн тамакка уу салып берип жүргөн кылыгына катуу өкүнөт. Күндөн-күнгө жылдыздары келишип, өз энесиндей эркелетип кеп-кеңешин айтып отурган кайненеси аз күндө уу дарынын айынан каза болорун ойлоп эси чыгып коркот… Акыры катуу беймаза болуп жаны жай таппаган келин кайра боздоп ыйлап табыпка келет да:

-Касиетиңизден айланайын эжеке! Мен баарын түшүндүм! Акмак болуптурмун. Кайненемдин өлүмүн каалабайм! Курган башым жаңылыштык кетириптирмин. Мүмкүн болсо энекемди сактап калыңызчы. Сиз берген уу дарынын таасирин жогото турган дары бериңизчи,- деп жалбарат. Келиндин жоругуна ыраазы болуп жылмайган табып:
– Кызым… Турагой, айланайын. Мындан эки ай мурда сага берген дары уу эмес болчу. Ал жөн гана тамакты жакшы сиңдире турган татымал болчу. Чыныгы уу дарыда эмес, сенин жүрөгүңдө болчу. Көрдүңбү сен энеңе жакшы карап баштаганда, ал дагы сени жакшы көрө баштады. Эгер сен адамдарга жакшы көрүнөм десең, анда сен өзүң биринчи ошол адамдарды жакшы көрүшүң керек экендигин эч качан унутпагын. Эми баары жакшы болот. Анткени жүрөгүңдөгү уу тазаланыптыр,- деген экен.

Кимдир бирөөгө гүл сунган кишинин колунда милдеттүү түрдө гүлдүн жыпар жыты калат… Ар бир келин эртең эле кайнене болот.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Live Covid-19
USA 3,219,999
Жуктургандар: 3,219,999
Каза тапты: 135,822
Айыккандар: 1,426,428
Активдүү: 1,657,749
Brazil 1,759,103
Жуктургандар: 1,759,103
Каза тапты: 69,254
Айыккандар: 1,152,467
Активдүү: 537,382
India 794,842
Жуктургандар: 794,842
Каза тапты: 21,623
Айыккандар: 495,960
Активдүү: 277,259
Russia 707,301
Жуктургандар: 707,301
Каза тапты: 10,843
Айыккандар: 481,316
Активдүү: 215,142
Peru 316,448
Жуктургандар: 316,448
Каза тапты: 11,314
Айыккандар: 207,802
Активдүү: 97,332
Chile 306,216
Жуктургандар: 306,216
Каза тапты: 6,682
Айыккандар: 274,922
Активдүү: 24,612
Spain 300,136
Жуктургандар: 300,136
Каза тапты: 28,401
Айыккандар: -
Активдүү: 271,735
UK 287,621
Жуктургандар: 287,621
Каза тапты: 44,602
Айыккандар: -
Активдүү: 243,019
Mexico 282,283
Жуктургандар: 282,283
Каза тапты: 33,526
Айыккандар: 172,230
Активдүү: 76,527
Iran 250,458
Жуктургандар: 250,458
Каза тапты: 12,305
Айыккандар: 212,176
Активдүү: 25,977
Italy 242,363
Жуктургандар: 242,363
Каза тапты: 34,926
Айыккандар: 193,978
Активдүү: 13,459
Pakistan 240,848
Жуктургандар: 240,848
Каза тапты: 4,983
Айыккандар: 145,311
Активдүү: 90,554
South Africa 238,339
Жуктургандар: 238,339
Каза тапты: 3,720
Айыккандар: 113,061
Активдүү: 121,558
Saudi Arabia 223,327
Жуктургандар: 223,327
Каза тапты: 2,100
Айыккандар: 161,096
Активдүү: 60,131
Turkey 209,962
Жуктургандар: 209,962
Каза тапты: 5,300
Айыккандар: 190,390
Активдүү: 14,272
Germany 199,198
Жуктургандар: 199,198
Каза тапты: 9,125
Айыккандар: 183,600
Активдүү: 6,473
Bangladesh 175,494
Жуктургандар: 175,494
Каза тапты: 2,238
Айыккандар: 84,544
Активдүү: 88,712
France 170,094
Жуктургандар: 170,094
Каза тапты: 29,979
Айыккандар: 78,170
Активдүү: 61,945
Colombia 133,973
Жуктургандар: 133,973
Каза тапты: 4,714
Айыккандар: 56,272
Активдүү: 72,987
Canada 106,805
Жуктургандар: 106,805
Каза тапты: 8,749
Айыккандар: 70,574
Активдүү: 27,482
Qatar 102,110
Жуктургандар: 102,110
Каза тапты: 142
Айыккандар: 97,272
Активдүү: 4,696
Argentina 90,693
Жуктургандар: 90,693
Каза тапты: 1,720
Айыккандар: 38,313
Активдүү: 50,660
China 83,585
Жуктургандар: 83,585
Каза тапты: 4,634
Айыккандар: 78,609
Активдүү: 342
Egypt 79,254
Жуктургандар: 79,254
Каза тапты: 3,617
Айыккандар: 22,753
Активдүү: 52,884
Sweden 74,333
Жуктургандар: 74,333
Каза тапты: 5,500
Айыккандар: -
Активдүү: 68,833
Indonesia 70,736
Жуктургандар: 70,736
Каза тапты: 3,417
Айыккандар: 32,651
Активдүү: 34,668
Iraq 69,612
Жуктургандар: 69,612
Каза тапты: 2,882
Айыккандар: 39,502
Активдүү: 27,228
Belarus 64,411
Жуктургандар: 64,411
Каза тапты: 449
Айыккандар: 53,609
Активдүү: 10,353
Ecuador 64,221
Жуктургандар: 64,221
Каза тапты: 4,900
Айыккандар: 29,184
Активдүү: 30,137
Belgium 62,210
Жуктургандар: 62,210
Каза тапты: 9,778
Айыккандар: 17,159
Активдүү: 35,273

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.