Чубак ажы ЖАЛИЛОВ, дин аалымы, экс-муфтий: “Мен эч убакта Ахмадий же башка каапыр сектанын мүчөсү менен бирге олтурууну каалабас элем”

Буга чейин Чубак ажынын телеканалдарда шарият айтуу маалында, ал ахмадия жамаатына карата “каапыр” деп кайра-кайра кайталап баса белгилөөсүн ж.б. кептерин ошол жамааттын өкүлдөрү өлкөнүн мыйзамын бузду, Куранга каршы кеп айтты, аалым айта турган кепти айтпады дешип кине коюп чыгышкан эле. Бул тууралуу Чубак ажы кеп салып берди. 
— Сиздин «Кашкар-Кыштакка  жихад кылгыла!. Жихад бирде Куран, бирде курал менен жасалат» дегениӊизди, ошол айылдагы баланын өлүмүнө себеп болду дегендей пикирлерди чыгарып жатышат.
— Кыргызстандан Сириядагы капсалаӊга жаштардын массалык түрдө кетип жаткандыгын эске алып, Сириядагы проблемалар, ИГИЛ маселеси туурасында жаштарга, жалпы мусулмандарга акыйкатты түшүндүрүп берүү үчүн, жеке менин чакыруум менен Кыргызстанга Сауд Аравиясынан Доктор Мууса Шариф келип, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бир жумалык семинар, тренинг өтүп кетти. Жарандарга жүргүзүлгөн агартуу иштер максатына жетти деп ойлоймун. Анткени ошол учурдан баштап Сирияга кеткендердин саны кескин азайгандыгын ММКлардагы маалыматтардан эч кыйынчылыксыз байкоого болот. Ошол айтылынган лекцияда, Жихадтын Исламдагы мааниси туурасында кеп козголгон. Чындыгында «Жихад» түшүнүгү Исламда «намаз», «орозо» сыяктуу эле касиеттүү түшүнүк, аруу маӊыз, адеми маани. Эгерде мекенибиздин чегарасын ким бузуп кирип келген болсо, Башкы командачыбыз- Президент буйрук берсе, курал менен мамлекеттин тырмактын агындай жерин коргоп калуу жихад болуп эсептелет. Анткени биздин өлкөдө динге эркиндик берилген, мусулмандар жашаган, мусулман топурагы деп эсептелет. Сирияга барып курал менен жихадка чыгуу, Кыргызстандык мусулманга азыркы учурда туура эмес. Кыргызстанда ыймандуулукка, адептүүлүккө, акыйкаттуулукка, адилеттүүлүккө даават кылып, илим таратуу жихады бар. Кыздарыбыз сойку болуп кеткен учурлар бар, ошолордун туура жолго түшүүсүнө себеп болуу бул да жихад, туура эмес секталарга кирип кетип жаткандарга туура Исламды айтып түшүндүрүү да жихад болуп эсептелет. Мисалы Кашкар-Кыштак айылында көп адамдар Ахмадия сектасына кирип кетишкен. Ал бүткүл үммөттүн “ижмааьсы” менен каапыр деп табылган секта. Ошол адашып жүргөн пенделерге туура акыйкатты айтып жеткирүү илим менен болгон жихад. Бул сөз айтылган лекция КТРдан, ЭЛтрдан, ал эле эмес коӊшу өлкөлөрдүн ММКларынан  кыргыз жана орус тилдеринде айтылды.  Дээрлик тогуз миллион адам  Ютуб аркылуу укту.Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт деген кеп бекер айтылган эмес. «Ошол өлтүрүлгөн адам Ахмадия жамаатына кирип, кийин анын туура эмес секта экенин билингенден кийин, тооба кылып ал сектадан чыккан. Анын чыккандыгын каалабаган мурдагы  секталаштары өлтүргөн» деген кыӊыр кеп эл арасында айтылып жүрөт. Албетте, бул кептин чындыгын сот бийлиги аныктайт. Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт.
 Сиздин «каапырлык» тууралуу айтканыӊызды көп угабыз. Ахмадия жамаатын да каапыр атап жатасыз. Адамдын каапырлыгын бир кудай, анан адамдын өзү билет дейт ко. Анын үстүнө алар деле Исламдын шарттарын жасайт экен го. Жамааттар арасында каапырлыкты кантип айырмалоого болот?
— Мени «каапырлык» тууралуу көп айтасыз деген суроо акыйкатсыздык деп айтаар элем. Бир айтылган сөздү, дисктен кайра-кайра уга берсе, көп айткан деп эсептелбейт. Ахмадия сектасынын каапыр экендигин мен жалгыз эмес, сөзү этибарга алынган бардык аалымдар, муфтийлер жана муфтияттар айтышкан жана фатваларын беришкен. Ал эле эмес Пакистанда буларды «диний азчылык» катары токтомун чыгарышкан. Ахлу сунна жаматынын фатвадагы Умдасы болуп эсептелген Азхар Шарифтин 13122009 жылкы 3752-фатвасында бул сектанын мусулман эмес, каапыр экендиги баса белгиленген. Андан сырткары Надвийдин, Маудудийдин, Мухаммад Хизыр Хусейиндин  Ахмадийлердин акыйдасын ката экендигин, өздөрүнүн каапыр экендигин баяндашкан. Ошол фатвадан үзүндү келтиребиз:
“…Ахмадийлердин адашкандын үрөнүн сепкен, жалганчы китептеринин айтуусунда, Аллах Таала Мирза Гулам Ахмадка  төмөндөгүдөй вахий түшүргөн: “Мени (Алла Тааланы) сүйгөн, мага таат-ибаадат кылган пенденинин баарына, сага (Мирза Гулам Ахмадка) ыйман келтирүү, сени ээрчүү милдеттүү болот. Андай болбогон учурда ал пенде Мени (Аллах Тааланы) жакшы көрүүчү  болбойт, ал пенде мага душман болот! Сени(н пайгамбарлыгыӊды) кабыл кылбагандар мына ушул айтылгандарды кабыл кылышпаса, сени (Мирзаны) жалганчыга чыгарышып, ыза-азап беришсе, аларды жаман жаза менен жазалайбыз! (Мирза ыйман келтирбеген) андай каапырларга  тозокту түрмө-камак кылып даярдайбыз!”.
Ахмадийлердин туура эмес акыйда-ишенимдеринин бири: Пайгамбарчылык Мухаммад алайхис салам менен мөөрлөнгөн-аяктаган эмес. Алардын айтуусунда, үммөттүн оӊолуусу үчүн, алардын туура жолго түшүүсү үчүн зарылчылыкка жараша Аллах Таала пайгамбарларды жиберип турат. Чындыгында бул сөз, Каадиянийлердин  Куран аяттарын , хадистерди бурмалагандыгын жана анын натыйжасында ыймандан чыгып каапыр болгондугун далилдейт. Аллах Таала ыйык Куранда айтат: “Мухаммад  силердин бириӊердин атасы эмес, а бирок ал Аллахтын элчиси, жана пайгамбарлардын мөөрү. Аллах Таала ар бир нерсени билүүчү!” (Ахзааб:40). Пайгамбарыбыз алайхис салам  айтат: “Менден кийин пайгамбар жок (келбейт)!” (Бухарий).
Ахмадийлердин чектен чыккан фаасыктыгын бири: Алар пайгамбарлардын макамына, хулафаи раашидинге, сахабаларга чабуул коюшат. Бейиш жигиттеринин мырзасы болгон азирети Хасан менен азирети Хусейиндердин да урматын ордуна коюшкан эмес. Мирза Гулам Ахмад Кадияний айтат: “ …адамдар мени Хасан менен Хусейинден фазилеттүүрөөк деп айтышат. Ооба! Мен өзүмдү экөөнөн теӊ фазилеттүүрөөк деп билемин! Көп узак эмес убакытта Аллах Таала бул фазилеттүүлүктү ачыка чыгарат”.
Ахмадийлердин  адашууларынын дагы бири: ыйык Куран аяттарынын маанилерин өздөрү каалагандай таризде жоромолдогону. Алардын бул жааттагы “эмгектеринин” баарын санап тизмектеп олтурууга узак убакыт керек.   Мисалы катары Исраа сүрөөсүнүн 1-аятына берген кыстырмасы. Кудай Таалам айтат: “Өзүбүздүн (керемет-кудурет) аяттарыбыздан көрсөтүү үчүн Харам мечитинен, Өзүбүз чөлкөмүн берекеге тундурган Аксаа мечитине, түн ичинде өзүнүн пендесин көз ирмемде  (исраа кылып) жеткирген  ( Аллах Таала ар кандай кемчиликтерден) аруу! Акыйкатта Аллах Таала угуучу да көрүүчү”.
Мына ушул аятта айтылган ”чөлкөмү берекеге тунган Акса мечити” Кадиянийдин пикиринде Кадияний кыштагындагы мечит экен!!! Пайгамбарыбыз алайхис салам ошол жерге көз ирмемде (исраа кылып) жеткирилген экен!!! Жалпы тафсирчилер, тарыхчылар бир ооздон Аксаа мечити дегенде азыркы Фалестиндеги Байт ал Макдис (Кудус) мечитин түшүнүшөт.
Аалу Имраан сүрөөсүнүн 97-аятында Аллах Таала айтат: “Кимде ким (бул Харам мечитине) кирсе, ал амандыкта болот!”. Кадиянийдин оюнда бул Кадиян кыштагындагы мечит экен???!!!… Муфассирлер, ислам аалымдарынын баары  бул мечиттин Маккадагы кадимки мечит экендигине шек санашпайт.
Фатх сүрөөсүнүн 29-аятында Аллах Таала айтат: “Мухаммад Аллахтын пайгамбары, аны менен биргелер кааапырларга катуу да, өз ара ырайымдуу (болушат)”. Кадиянийдин пикиринде бул аяттагы “Мухаммад  Аллахтын пайгамбары”  Мирза Гулам Ахмад Кадиянийдин дал өзү!!!???. Бул акыйкатсыз, туура эмес сөздөрүн ал “Таблигу рисала) китебинде жазып калтырган.
Анбия сүрөөсүнүн 107-аятында Аллах Таала айтат: “(Оо, Мухаммад!) сени ааламга ырайым (мээрим желаргысы) кылып жөнөттүк!”. Кадияний, мына ушул айтылган адам  менмин деп жар салат.
Ахмадийлердин үлкөн проблемаларынын бири, кадияний агымын тутунгандарды Каабадан жана Харам мечитинен алыстатып, анын ордуна Кадиян кыштагын аларга кааба жана кыбла кылып беришкен. Ажылык милдеттин ордуна, Кадиянда жыл сайын өтүүчү конференция-жыйналышка барууну ишке ашырышты. Мирза Гулам Ахмад Кадияний айтат: “Кадиянга келүү –ажылык!”.
Мирза Гулам Ахмадтын айтуусунда ага “Ачык китеп”  деп аталган Куран китеп  түшүп, ал эле эмес ага башка пайгамбарларга караганда көбүрөөк түшкөн. Ал өзүнүн туура эмес пикирлерин жазган “Бараахиину ахмадийя”, “Изаалатул аухаами”, “Хакийкатул вахйи”, “Сафийнату Нуух”, “Таблиигу рисаала”, “Хутбатун илхаамийя” аттуу китептерин жазып калтырган… .”
Адамдын каапырлыгын бир Кудайым өзү билет, жана ошол эле учурда Аллах Таала ыйык Куранда туура динди, таза акыйда-ынанымды баяндап берди. Ошол эле учурда туура эмес акыйданы, каапырлыкты да баяндап берди.  Ислам аалымдары ким акыйкатты бурмалап жаткан болсо, аны туурасын баяндап айтып берүүгө милдеттүү. Адам мусулман болуусу үчүн Пайгамбарыбыз көрсөтүп берген ынанымды кармануусу зарыл. Өзүн канчалык мусулманмын деп айтып, бирок туура эмес ынанымды карманса, ал адам мусулман эмес болуп таанылат. Мусулман эместердин баары каапыр деп аталат. Капыр дегенибиз мусулман эмес деген маанини туюнтат.
Исламдын шарттарын жасап, бирок Мухаммад пайгамбардан кийин да пайгамбар келди десе, Куранга каршы чыккан болуп, анын мусулманчылыгы кабыл кылынбайт. Жогоруда алардын Куран аяттарын кандай таризде бурмалагандыгына күбө болдук. Демек, кимдин ким экендиги, анын ишенимине жараша аныкталат. Динибиз кирдүү кол менен кармагыс аруу дин. Мамлекеттин чегарасын кандай карсак, динибизди да мына ошондой кармайбыз, коргойбуз. Туура эмес маалымат киргизүүгө аракеттегендердин жүзүн ачып, динибизди таза сактайбыз.
— Бирөөлөрдун ишенимине тил тийгизүү бул өлкөнүн мыйзамына каршы келип, «такфирлик» болуп калбайбы?
— Биз эч кимдин ишенимине тил тийгизген жокпуз. Болгону чыныгы таза мусулмандар катарында, динибизди бурмалап жаткандардын акыйкатын гана айтып коюудабыз.  Анткени, карапайым адамдар алардын сөздөрүнө ишенип, ыймандан чыгып каапыр болуп, түбөлүккө тозокко кирүүгө дуушар болуп жатышат. Аллахтын астындагы аманаты жеткирүү – аманат. Бүгүнкү күндө саясий өӊүт алган «Такфирчилик»  жамааты, жамаат катары катары сиз айткан мааниге ээ эмес. «Такфирчилик» — өздөрүнүн пикирине кошулбаган мусулмандарды каапыр деп атоо. Бул азыркы учурда  ИГИЛдин ишмердүүлүгүнө карата айтылганы туура болот. Ал эми Ахмадийлердин каапыр (мусулман эмес) экендиги бир ооздон айтылган.
— Эми ошол Ахмадия жамааты менен ырылдашпай, толеранттуулук, өз ара түшүнүүчүлүк менен жашаса болбойбу?
— Суроо адептин чегинен сырткары берилген. Эч ким алар менен айтышкан жери жок. «Ырылдашпай» деген сөздү башка жерге колдонсоӊуз жакшы болмок. Алардын мышыгын эч ким пыш деп айткан жок. Болгону алар өздөрүн мусулманбыз деп айтып жаткан учурда, алардын мусулманчылыкка тиешеси жоктугун гана баяндоо. Биз элибизди ар ким келип каалаган жагына тарта берүүсүнө макул эмеспиз. Жеке менин өзүмө келсек, мен эч убакта Ахмадий же башка каапыр сектанын мүчөсү менен бирге олтурууну каалабас элем.
 Өлкөдө Ханафий багытындагы Ислам гана кармалсын деп айтылууда. Бул мурда эле бизге келип калган башка Ислам жамааттарын (вахабийлик, салафийлик, шииттик, шаафийлик) укугун басмырлаган болуп калбайбы?
— Ошол айткан тараптардан сурасаӊыз жөндүү болоор эле. Ошондой болсо да айта кете турган сөз,  бир өлкөдө бир мазхабтын, же багыттын кармалуусу ынтымактын себеби экендиги баарыбызга  белгилүү. Ошондуктан бир-эки ооз мазхабты кармануунун зарылдыгы жөнүндө айта кетейин: Ислам дини тынчтыктын, адилеттүүлүктүн жана биримдиктин дини. А бирок кээ бир учурларда ушул эле касиеттүү динибизди кармангандардын ортосунда тынчтык да, ынтымак да, биримдик да жок болуп калгандыгы баамдалат. Анализдик  көз караш менен пикирленгенде көпчүлүк мусулмандар Ислам динин туура эмес карманып келе жатышкандыктарына күбө болобуз. Мына ошол туура эмес кармануунун биринчи себеби туура эмес багытты карманып алышкандыгында турса, экинчи себеби туура багытты туура эмес кармап алгандыгында болуп турат. Туура эмес багыт деп ар кандай агымдарды (шииттерди, ахмадийлерди, такфиир жамаатын, ар кандай өздөрүн Исламга таандык деп эсептеп, а бирок чындыгында Исламга коошпогон ар кандай көз караштарды) назарда тутабыз. Ал эми туура багыты деп Ахлу Сунна жолун карманган жалпы мусулмандарды айтабыз. Мына ушул туура багытты кээ бир учурларда туура эмес карманып, натыйжада туура эмес жыйынтыктарга кептелип жатабыз. Эӊ негизги мисал катары «мазхабсыздык», же мазхаб тутунбай коюуну айтаар элем. Чындыгында жыйырманчы кылым менен жыйырма биринчи кылымдын айкашкан учурундагы Ислам үммөтүнүн башына келген эӊ оор проблемалардын орчундуусу мына ушул «мазхабсыздык» болуп калды. Бул туурасында Ислам аалымдары бир канча китептерди жазышып, мазхаб тутунбай коюунун туура эмес экендигин, эӊ туура жол мазхаб тутунууда тургандыгын баса белгилеп кетишкен. Сириялык үлкөн аалым Мухаммад Саьиид Рамазан Бутий  «Мазхабсыздык Ислам шариатына коркунуч туудурган эӊ чоӊ бидьат» деген баалуу китебин окурмандарга тартуулаган. Китеп өзбек окурмандарына Орто Азиянын мурдагы муфтийи Мухаммад Саадык Мухаммад Юсуф тарабынан которулуп тартууланган. Ошондой эле замандаш аалымыбыз Абдуллфаттаах аль Яафиьийдин калемине таандык «ат Тамазхуб» (мазхаб тутунуу) деген баалуу китеп жарык көрдү. Осмон империясынын акыркы наиб муфтийи  Мухаммад Заахид Каусарийдин «Мазхабсыздык динсиздиктин башаты» аттуу баа жеткис илимий макаласы бул темадагы эмгектердин бараандусу болуп саналат.  Санай берсек тизме бир кыйла узун болот.
Эзелтеден элибиз мусулманчылыкты Ханафий мазхабы аркылуу кармап келген. Дин тутунуудагы максаты ишке ашкан. Ар бир элдин динден ала турган пайдалардын бардыгын кыргыз эли да кемчиликсиз, эбегейсиз зор өлчөмдө алган. Акыркы убактагы мазхаб тутунбай коюу, же башка туура эмес мазхабтарды таӊуулоо сыяктуу иш-жараяндары жүрүп жаткан убакта, мурдатан карманып келген мазхабыбызды алдыӊкы орунга коюу, анын артыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн үйрөнүп билүү учур талабы болуп саналат. Ошол талаптардын башында өлкөбүздөгү Ханафий мазхабына берилген колдоо турат деп тереӊ ишенемин.
 Упел АНАРКУЛОВА, “Эл деми”
Live Covid-19
USA 2,858,057
Жуктургандар: 2,858,057
Каза тапты: 131,703
Айыккандар: 1,196,353
Активдүү: 1,530,001
Brazil 1,502,424
Жуктургандар: 1,502,424
Каза тапты: 62,045
Айыккандар: 916,147
Активдүү: 524,232
Russia 667,883
Жуктургандар: 667,883
Каза тапты: 9,859
Айыккандар: 437,893
Активдүү: 220,131
India 646,924
Жуктургандар: 646,924
Каза тапты: 18,656
Айыккандар: 392,869
Активдүү: 235,399
Spain 297,625
Жуктургандар: 297,625
Каза тапты: 28,385
Айыккандар: -
Активдүү: 269,240
Peru 292,004
Жуктургандар: 292,004
Каза тапты: 10,045
Айыккандар: 182,097
Активдүү: 99,862
Chile 288,089
Жуктургандар: 288,089
Каза тапты: 6,051
Айыккандар: 253,343
Активдүү: 28,695
UK 284,276
Жуктургандар: 284,276
Каза тапты: 44,131
Айыккандар: -
Активдүү: 240,145
Italy 241,184
Жуктургандар: 241,184
Каза тапты: 34,833
Айыккандар: 191,467
Активдүү: 14,884
Mexico 238,511
Жуктургандар: 238,511
Каза тапты: 29,189
Айыккандар: 142,593
Активдүү: 66,729
Iran 235,429
Жуктургандар: 235,429
Каза тапты: 11,260
Айыккандар: 196,446
Активдүү: 27,723
Pakistan 221,896
Жуктургандар: 221,896
Каза тапты: 4,551
Айыккандар: 113,623
Активдүү: 103,722
Turkey 202,284
Жуктургандар: 202,284
Каза тапты: 5,167
Айыккандар: 176,965
Активдүү: 20,152
Saudi Arabia 201,801
Жуктургандар: 201,801
Каза тапты: 1,802
Айыккандар: 140,614
Активдүү: 59,385
Germany 196,823
Жуктургандар: 196,823
Каза тапты: 9,064
Айыккандар: 181,000
Активдүү: 6,759
South Africa 168,061
Жуктургандар: 168,061
Каза тапты: 2,844
Айыккандар: 81,999
Активдүү: 83,218
France 166,378
Жуктургандар: 166,378
Каза тапты: 29,875
Айыккандар: 76,802
Активдүү: 59,701
Bangladesh 156,391
Жуктургандар: 156,391
Каза тапты: 1,968
Айыккандар: 68,048
Активдүү: 86,375
Colombia 106,110
Жуктургандар: 106,110
Каза тапты: 3,641
Айыккандар: 44,531
Активдүү: 57,938
Canada 104,936
Жуктургандар: 104,936
Каза тапты: 8,644
Айыккандар: 68,526
Активдүү: 27,766
Qatar 98,653
Жуктургандар: 98,653
Каза тапты: 121
Айыккандар: 88,583
Активдүү: 9,949
China 83,542
Жуктургандар: 83,542
Каза тапты: 4,634
Айыккандар: 78,499
Активдүү: 409
Egypt 71,299
Жуктургандар: 71,299
Каза тапты: 3,120
Айыккандар: 19,288
Активдүү: 48,891
Sweden 70,639
Жуктургандар: 70,639
Каза тапты: 5,411
Айыккандар: -
Активдүү: 65,228
Argentina 69,941
Жуктургандар: 69,941
Каза тапты: 1,403
Айыккандар: 25,224
Активдүү: 43,314
Belarus 62,997
Жуктургандар: 62,997
Каза тапты: 412
Айыккандар: 49,909
Активдүү: 12,676
Belgium 61,727
Жуктургандар: 61,727
Каза тапты: 9,765
Айыккандар: 17,073
Активдүү: 34,889
Indonesia 60,695
Жуктургандар: 60,695
Каза тапты: 3,036
Айыккандар: 27,568
Активдүү: 30,091
Ecuador 59,468
Жуктургандар: 59,468
Каза тапты: 4,639
Айыккандар: 28,032
Активдүү: 26,797
Iraq 56,020
Жуктургандар: 56,020
Каза тапты: 2,262
Айыккандар: 29,600
Активдүү: 24,158

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.