ЭКИ НУР

30 КҮНДӨ 30 БАЯН

Жараткан Алла Таала, Муса (а.с) пайгамбарга айтты:

– Мен Мухаммед пайгамбардын үммөттөрүнө эки караңгылыктан кутулуусу үчүн эки нур бердим.
Муса пайгамбар:
– Ал эки нур эмне?- деп сурады.
Алла Таала:
– Ал эки нур ОРОЗО жана КУРАН нуру.
Муса пайгамбар:
– Ал эки караңгылык эмне?
Алла Таала:
– Кабыр караңгылыгы жана кыямат караңгылыгы,- деди.

Адам баласына өлүм сааты келгенде үч бөлүккө бөлүнөт экенбиз. Биринчиси “рухубуз”- Алла Таала үчүн, “амалдарыбыз”- өзүбүз үчүн, ал эми “денебиз”- курттар үчүн ажырап кетет. Ошондуктан өзүбүз үчүн жасалган амалдарыбызды Алла Таалам кабыл кылган болсун. Мына бүгүн биз хадисте айтылгандай Жараткандын нуру төгүлүп жаткан ыйык күндөрдө жашап атабыз. Биздин парз амалдарыбыздын бири болгон орозобузду татыктуу кармап, ушак сөздөн оолактап Куран окуганга тырышалы деп айткым келет. Аллахым баарыбызга эки нурун насип кылып Бейиштик бололу… Рамазан айыңыздар маарек болсун!

Live Covid-19

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.