21.1 C
Bishkek
10.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

13-май, бейшемби күнү Орозо Айт майрамы

13-май,-бейшемби-күнү-Орозо-Айт-майрамы

Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот. Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваттары болсун) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла”- деп буйруган. (Муслим, 1081).

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2021-жылдын 13-май, бейшемби күнүн Орозо Айт майрамы деп белгиледи.

 Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.

Related posts

Ош облусунда райондун башкы имам-хатибдерине жыйын болуп, аларга тийиштүү тапшырмалар берилди

Каттоодон өтө элек мечиттердин документтерин бүткөрүү максатында «Сулайман-Тоо» мечитинде жыйын өттү

Ысык-Көлдө 20 жылдыктар айылдын имамына үй куруп жатышат

Leave a Comment