Макалалар

АЛЛАХТЫН КУЛУНА ДЕГЕН МАХАБАТЫН БИЛДИРГЕН 5 БЕЛГИ

АЛЛАХТЫН КУЛУНА ДЕГЕН МАХАБАТЫН БИЛДИРГЕН 5 БЕЛГИ.

📌1. Кулун көркөм түрдө башкарып турат. Аны туура жолго баштап, жакшы иштерге жетелейт. Акылын нурдантып, аны Өзү сүйө турган амалдар менен алек кылып коёт. Ошонун себебинен бул пенде Аллахка жакындата турган ар бир ишке байланып, Анын ачуусун келтире турган бардык нерседен алыс болот. Аллах анын ички жана сырткы дүйнөсүн иреттейт.

📌2. Андай адам өзгөлөр менен болгон карым-катнашында, сыпаты ары жумшак болот. Аллах ага ар качан туңгуюктан чыгып кетүүчү бир жолду көрсөтүп берет.

📌3. Аллах ал пендесин жер бетин ыңгайлуу кылат. Тагыраагы, адамдардын көңүлү ага карай бурулуп, мактап жүрөт. Буга Бухари менен Муслимдин жыйнактарынан келген ушул бир сахих хадис далил :
” Эгер, Аллах бир пендесин сүйсө, Жабреил периштени чакырып : ” Чынында Аллах “баланча” деген кулун сүйдү, сен дагы аны сүй” – деп буюрат. Ошондо, ал кулду Жабреил периште дагы сүйүп, асмандв тиричилик жасагандардын бардыгын чакырып :
” Чынында Аллах “баланча” деген кулун сүйдү, силер дагы аны сүйгүлө” – дейт.
Асмандагылардын баары ал пендени жакшы көрөт. Ошондон кийин ал адам жер бетиндеги адамдарга жагып, кабыл болот”.

📌4. Ал адам түрдүү сыноолорго, кыйынчылыктарга туш болот. Акыйкатта, Аллах Таала бир коомду сүйсө, аларга ар түрдүү сыноолорду жиберет.
Бул тууралуу тафсир аалымы Ибн Касир:
” Аллах Таала Өзүнүн момун кулун, анын ыйманынын деңгээлине карап сынайт. Ыйманы күчөйгөн сайын сыноо күчөйө берет.
Ал эми ыйманы алсыз киши, ишенимине карай сыналат.
Бир жолу сахаабалардын бири Саъд ибн Абу Уаккас (р,а) : ” Оо, Аллахтын Элчиси! Адамдардын арасынан, кимге эң оор сыноо туш болот?”-деп сурайт. Ошондо Пайгамбарыбыз (сав):
” Пайгамбарларга, андан кийин аларга окшогондорго ( ким Пайгамбарлардын жолун канчалык деңгээлде ээрчигендерге).
Ар бир адам динине карап сыналат. Эгер динине бекем болсо, сыноосу да оор болот.
Ал эми, дининде алсыз болсо, динди карманганына жараша сыналат.”- деп жооп берген. Демек, сыноонун максаты- мусулманды чыңдоо, чыныгы ишеним акыйкатына чыгаруу, журум турумун, ойлогон оюн тазартуу. Мына ушуну түшүнгөн илгерки мунун өкүлдөрү :
“Эгер сен жүргөн жолдо кыйынчылыкка туш болсоң, көңүлүн тынч болсун, себеби, сен Пайгамбарлар менен анын жолун жолдогондордун жолунда бара жатасың. Ал эми, жүргөн жолун жеңил болсо, өзүңдүн абалына өзүң өкүн.
Анткени, жолдон адашкан болушуң да мүмкүн
” – деген.

📌5. Ажалы жетип, өмүрүнүн соңку саатына жакындаган кезде, Аллах Таала ал адамдын жанын жакшы амал жасагандардын катарында алат.
Ахмад, ибн Хиббан, аль-Хаким сыяктуу имамдар келтирген сахих хадисте Пайгамбарыбыз (сав) мындай деп айткан :
” Эгер Аллах Таала бир кулуна жакшылык кааласа, анда адамдар анын бир гана жакшы касиеттерин гана эске ала турган болушат.
Себеби, Аллах ага өлөр алдында жакшы бир амалды насип кылат.
Анын жанын ошол амалдын үстүндө алат” . Демек, “Кудайдын кулу” -деген урматтуу атка ылайыктуу болуу, ошол жолдо амалдарды жасоо болуп саналат, аракет кылуу эң маңыздуу иш.
Аллахтын коргоосунда болуп, Ал ыраазы боло турган жакшы амалдарды жасап, ички жана сырткы дүйнөнү иреттөөдөн артык бакыт жок.
Себеби, күндөрдүн бир күнүндө, айтор бир гана Анын алдына барабыз – бул акыйкат, дилилдоонун кажети да жок.
Колдосо эгер бир Аллах – ачылбаган сепил жок,
Колдобосо бир Аллах – ага эч бир амал жок.

🙌🏻 Эми, туура жолго салуучу Аллах Таала бизди өз коргоосуна алып, Өзүнүн алдына таза жүрөк менен баруубузду насип кылсын!

👤Даярдаган: Бибимарям Ибрагимова.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +79099502601..
✿ WWW.FORMULA.KG

Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close