🧕🏻Аялдар кадыр түндү кандай өткөзүшөт?

✍🏻Аллах Таалага чексиз шүгүрлөр болсун жана мактоолор болсун! Ар бир күнү бизди ойготуп, бизге ырыскы берип жаткан Аллахка мактоолор болсун! Улуу Рамазан айына бизди жеткирген Аллах Таалага чексиз мактоолор болсун! Рамазан! Кандай гана сонун ай! Кандай гана улуу ай! Мусулмандар үчүн эң чоң мүмкүнчүлүк болгон берекелүү ай! Бул күндөргө чейин биз Рамазанды кантип өткөрүү керектиги жөнүндө, орозо тууралуу кенен баян кылдык. Бул айда окулуучу намаздар жөнүндө да айтылды. Бүгүн биз мусулман аял ушул айды кандай өткөрүүсү жөнүндө, Кадыр түндү кантип өткөрүшү жөнүндө кеп кылабыз. Ооба, бул айдын үчтөн бир бөлүгү өтүп кетти. Бирок, дагы да мүмкүнчүлүк бар эмеспи?! Ин шаа Аллах, келерки Рамазанга да даярдык болот.😊

Мусулман аял бул айдын улуу ай экенин билүүсү зарыл. Жана жөн гана орозо тутуп, тамак-аштан, суусундуктан гана өзүн тыйбастан, жаман адаттардан да өзүн тыйып, жүрөгү, кулагы, оозу, буту- колу менен да орозо тутат. Жана биз бул айда өзгөчө бир ишеним менен орозо тутабыз. Себеби, төмөндөгү хадис баарыбыз белгилүү:

“Кимде-ким Рамазан айында Аллахка болгон ишеним жана үмүт менен орозо тутса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет”. (Бухари, Муслим)

Биз бул айда өзүбүздү Аллах Таала тыйган нерселерден сактап, жакшы амалдарды гана кылууга шашылуубуз кажет. Эгер бирөө биз менен урушууну кааласа же ушак айтып, бирөөнү жамандап баштаса анда биз жөн гана: “Мен орозомун!”- деп гана коёбуз. Ашыкча сөздүн кереги жок.😊
Билесиздерби, баарыбыздын жүрөгүбүзгө, акылыбызга бир нерсени сиңдиришибиз керек. Ал эмне, билесизби? Рамазан айынын ушунчалык бир башкалардан айырмаланым турарын, өзгөчө бир улуу ай экенин билишибиз керек. Рамазан айынын ар бир күнү, ар бир мүнөтү өтө баалуу жана маанилүү. Макул, эркектер мечиттерге барып жана башка амалдарды кылса, биз кеечке үйдө олтурсак, эмне кылабыз деген суроо болушу мүмкүн. Биз, аялдар, бул айда үйдү башкача жасалгалап, үй иштерин мыкты аткаруу менен Аллахтын ыраазычылыгына жетүүгө болот. Ар бир ишибиз Аллах үчүн! 😊 Жада калса, биздин үйдө олтуруп ибаадат кылышыбыз канчалык сооптуу.

Бирде Умм Хумайд (р.а) :

“Оо, Аллахтын Элчиси (с.а.у.), мен сиздин артыңызда туруп, сага уюп намаз окугум келет “,-деди. Ошондо Пайгамбарыбыз (с.а.у.): “Мага бир нерсе белгилүү. Чындыгында, үйүнүн бир бурчунда окуган намазың жабык бөлмөдө окуган намазыңдан, а жабык бөлмөдө окуган намаз – сыртта окуган намазыңдан жакшы. Өзүңдүн корооңдо окуган намазың – жаныңдагы мечиттн окуган намазыңдан артык”. (Ахмад)

Аялга мечитке барып окуган намазына караганда, үйдө окуган намазы артыгыраак, сооптуураак. Биздин (мусулман аялдардын) Аллахка жакындап, ибадат кылуубузга үй иштерибиз да тоскоол боло албайт. Ар бир намазыбызды өз убагында окуп, ал тургай кошумча намаздарды окуу менен Аллахка жакындай беребиз. Күнүбүздү куран окуу менен (анткени, чыныгы мусулман аял билет, бул ай Куран түшүрүлгөн ай экенин), түнүбүздү кошумча намаз окуу менен өткөрөбүз.

Билесизби? Пайгамбарыбыз (с.а.у.) Рамазан айында өтө көп жакшы амалдарды кылган жана да болушунча убактысын ибаадат менен өткөрүүгө аракет кылган. Ар бир амалын чын ыкластуулук менен аткарган. Бар күчүн ибаадатка жумшаган. Айрыкча, ушул айдын акыркы он күнүндө. Бул тууралуу Айша энебиз (р.а) айтат:

“Аллахтын Элчиси (с.а.у.) Рамазандын акыркы он күнүндө башка убакыттарга караганда Аллахка көп-көп ибаадат кылчу!” (Муслим)

Жана да Айша энебиз (.р.а) айтат:

“Аллахтын Элчиси (с.а.у.) Рамазандын акыркы он күнүндө түнү менен ибаадат кылчу, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарын ойготчу (намаз окуу үчүн) жана белин бекеп түйүп (изар), өзүн ибаадатка арначу! “. (Бухари, Муслим)

Бул Пайгамбарыбыздын (с.а.у) Кадыр түндү издегени эле. Мусулмандарды да ушул нерсеге чакырганы эле. Пайгамбарыбыз (с.а.у) айтты:

“Рамазандын акыркы он күнүнөн Кадыр түндү издегиле! ” (Бухари, Муслим)

Жана Пайгамбарыбыз (с.а.у) айтты:

“Кимде -ким Кадыр түндү Аллахка ибаадат кылуу менен өткөрсө, анын мурунку күнөөлөрү кечирилет! ” (Бухари, Муслим)

Караңызчы, бул айдагы улуулукту! Ар дайым кылчу ибаадат, бул айдын себеби менен мурунку күнөөлөрдүн кечирилишине себепчи болуп жатат.

Кадыр түндү аялдар кандай өткөрөт?🤔

Биз да башкалар (эркектер)) сыяктуу бул түндү ибаадат менен өткөрөбүз. Көпчүлүк адамдарды: “Аялдар мечитке барып тоссо болобу? ” деген суроо көп ойлондурат. Динибиз аялдардын мечитке баруусунан тоспойт. Бирок, аял үчүн үйдөгү намаз, ибаадат сооптуураак, жакшыраак экенин айтат. Ал тургай аялдын үйдө кылган ибаадаты 27 эсе сооптуу экени жөнүндө да хадисте айтылат.

Бир хадисте айтылат:

“Аялдардын эң жакшысы – өз үйлөрүн мечит кылып алгандары! ” (Ахмад)

Буйруса, биз үйдө олтуруп, кайра эч ким жокто ибаадат кылганыбыз жакшы эмеспи! 🤗 Эч ким бизге тоскоолдук жаратпайт. Рия деген нерсе жок. Ыйлап-ыйлап дуба кылып, ибаадат кылганга сонун мүмкүнчүдүк эмеспи? Чогуу бир жерде болуп, “Ыйласам эмне дешет ? ” дебестен…

Буга карай үзүрлүү аял эмне кылат деген суроо да бар. Үзүрлүү аялдар Куран, намаз окуй алышпайт. Бирок, мусулмандын куралы, калканы болгон дуба бар. Муну менен биргеликте Аллахты улуктап, Аллахтан кечирим тилеп, зикир кыла беришет.

Кадыр түндү кантип тосконго болбойт?

Көпчүлүк бул түндү уктабай өткөрүү деп гана түшүнүп алышат. Ошол себептен чогуу олтуруп дасторкон үстүндө же кино көрүп, оюн ойноп өткөрүп жиберишет. Бул туура эмес. Бул күнү периштелер жерге түшөт. Бардык дубалар кабыл боло турган түн. Бул түнү тагдырлар жазылат. Ошол үчүн бул түндү ушак, гыйбат жана дүйнө иштери менен өткөрүп жибербөө керек. Бул күн өтө өзгөчө, маанилүү күн! Биз үчүн! Чыныгы мусулман аялдар үчүн! Бул түндү биз Куран окуу менен, намаз менен, дуба менен өткөрүүбүз керек! Бул түндөгү окулган Кадыр сүрөөсү Куранды хатм кылгандан жакшыраак. Бул түндө окулган эки рекет башка убактагы, т.а. 80 жылдык намаздан жакшыраак!
Күнүбүздү, мүнөттөрдү бекерчилик менен, пайдасыз нерсе менен өткөрбөйлү. Ибаадаттарыбызда жалкоо эмес, жаман адат-иштерибизде жалкоо болойлу!
Бул берекелүү түндө төмөндөгү дубаны унутпайлы:

“Оо, Аллахым! Чыныдыгында, Сен- Кечиримдүүсүң! Кечиргенди жакшы көрөсүң! Мени да кечире көр! “

Аллахым ар бирибизге пайдалуу илим берсин! Ар бир күнүбүздү берекелүү кылсын! Жакшы иштердин аркасы менен Бейишке кирүүчүлөрдөн кылган болсун! Орозолорубузду кабыл кылып, Раййан эшигинен Бейишке киришибизди насип кылсын! Бейиштин сегиз эшигинен чакырылуучу бактылуу инсандарлан кылсын! Аамин🤗

👤Нуриза Кармышакова.
👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Live Covid-19
USA 2,854,456
Жуктургандар: 2,854,456
Каза тапты: 131,666
Айыккандар: 1,191,892
Активдүү: 1,530,898
Brazil 1,502,424
Жуктургандар: 1,502,424
Каза тапты: 62,045
Айыккандар: 916,147
Активдүү: 524,232
Russia 667,883
Жуктургандар: 667,883
Каза тапты: 9,859
Айыккандар: 437,893
Активдүү: 220,131
India 638,039
Жуктургандар: 638,039
Каза тапты: 18,320
Айыккандар: 383,936
Активдүү: 235,783
Spain 297,625
Жуктургандар: 297,625
Каза тапты: 28,385
Айыккандар: -
Активдүү: 269,240
Peru 292,004
Жуктургандар: 292,004
Каза тапты: 10,045
Айыккандар: 182,097
Активдүү: 99,862
Chile 288,089
Жуктургандар: 288,089
Каза тапты: 6,051
Айыккандар: 253,343
Активдүү: 28,695
UK 283,757
Жуктургандар: 283,757
Каза тапты: 43,995
Айыккандар: -
Активдүү: 239,762
Italy 240,961
Жуктургандар: 240,961
Каза тапты: 34,818
Айыккандар: 191,083
Активдүү: 15,060
Mexico 238,511
Жуктургандар: 238,511
Каза тапты: 29,189
Айыккандар: 142,593
Активдүү: 66,729
Iran 235,429
Жуктургандар: 235,429
Каза тапты: 11,260
Айыккандар: 196,446
Активдүү: 27,723
Pakistan 221,896
Жуктургандар: 221,896
Каза тапты: 4,551
Айыккандар: 113,623
Активдүү: 103,722
Turkey 202,284
Жуктургандар: 202,284
Каза тапты: 5,167
Айыккандар: 176,965
Активдүү: 20,152
Saudi Arabia 201,801
Жуктургандар: 201,801
Каза тапты: 1,802
Айыккандар: 140,614
Активдүү: 59,385
Germany 196,738
Жуктургандар: 196,738
Каза тапты: 9,064
Айыккандар: 181,000
Активдүү: 6,674
South Africa 168,061
Жуктургандар: 168,061
Каза тапты: 2,844
Айыккандар: 81,999
Активдүү: 83,218
France 166,378
Жуктургандар: 166,378
Каза тапты: 29,875
Айыккандар: 76,802
Активдүү: 59,701
Bangladesh 156,391
Жуктургандар: 156,391
Каза тапты: 1,968
Айыккандар: 68,048
Активдүү: 86,375
Colombia 106,110
Жуктургандар: 106,110
Каза тапты: 3,641
Айыккандар: 44,531
Активдүү: 57,938
Canada 104,936
Жуктургандар: 104,936
Каза тапты: 8,644
Айыккандар: 68,526
Активдүү: 27,766
Qatar 98,653
Жуктургандар: 98,653
Каза тапты: 121
Айыккандар: 88,583
Активдүү: 9,949
China 83,542
Жуктургандар: 83,542
Каза тапты: 4,634
Айыккандар: 78,499
Активдүү: 409
Egypt 71,299
Жуктургандар: 71,299
Каза тапты: 3,120
Айыккандар: 19,288
Активдүү: 48,891
Sweden 70,639
Жуктургандар: 70,639
Каза тапты: 5,411
Айыккандар: -
Активдүү: 65,228
Argentina 69,941
Жуктургандар: 69,941
Каза тапты: 1,403
Айыккандар: 25,224
Активдүү: 43,314
Belarus 62,997
Жуктургандар: 62,997
Каза тапты: 412
Айыккандар: 49,909
Активдүү: 12,676
Belgium 61,727
Жуктургандар: 61,727
Каза тапты: 9,765
Айыккандар: 17,073
Активдүү: 34,889
Indonesia 60,695
Жуктургандар: 60,695
Каза тапты: 3,036
Айыккандар: 27,568
Активдүү: 30,091
Ecuador 59,468
Жуктургандар: 59,468
Каза тапты: 4,639
Айыккандар: 28,032
Активдүү: 26,797
Iraq 56,020
Жуктургандар: 56,020
Каза тапты: 2,262
Айыккандар: 29,600
Активдүү: 24,158

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.