Макалалар

Күнөө жасоого боло турган беш жагдай

Күнөө жасоого боло турган беш жагдай

Күнөө жасоого боло турган 5 жагдай…

Бирде Ибархим ибн Адхамга бир заалым адам келип: “Мен күнөө жасабай жүрө албайм, ошондуктан, мага жардам бере ала турган нерсе жөнүндө кеңеш берчи?! “-дейт.
Ибрахим: “Эгер сен мен айткан беш нерсени кыла турган болсоң, канча кааласаң да күнөө кыла аласың жана Аллах Тааланын буйругуна кулак салбагандардын катарынан болбойсуң! “-деп айтат.

-Биринчи, эгер сен күнөө жасап, Аллахка моюн сунгуң келбесе, Анын берген ырыскысынан жебе.

-Бул дүйнөдөгү бардык ырыскы Ага тиешелүү болсо, Ага тиешелүү болбогон ырыскыны кайдан табам?!-дейт алиги заалым.

-Анда Аллах Тааланын бергенин жеп, кийин кантип Ага моюн сунбайсың?!

-Экинчи, Аллахка моюн сунгуң келбесе, Анын жерин таштап, Ага тиешелүү болбогон жерге барып жаша.

-Бирок, бардык жер менен асман Ага гана тиешелүү го?! Күнөө жасоо үчүн мен кайда барышым керек?! -дейт заалым адам.

-Ошондо, сен Аллах Тааланын жеринде, ээлигинде туруп Ага кантип моюн сунбайсың?!- дейт Ибрахим.

-Үчүнчү, күнөө жасагың келгенде Аллах Таала сени көрбөй турган жерге бар.

-Оо, Ибрахим! Сен эмне деп жатасың?! Мен Аллах көрбөгөн жерди кайдан табам?! Аллах Таала көрбөгөн жер жок го?! -дейт жанагы адам.

-Сен Аллах Тааланын көрбөгөн жери жок экенин билип туруп, Анын сенин эмне кылып жатканыңды көрүп турарын билип туруп, кантип күнөө иш жасайсың?! -деди Ибрахим.

-Төртүнчү, Азреил (а.с.) жаныңды алууга келген кезде, андан тообо кылып алууга убакыт сура.

-Бул мүмкүн эмес го, ажал периштеси эч кимге убакыт бербейт го?!

-Ошондо сен, ажал периштеси кез -келген убакытта келип жаныңды алуу мүмкүн экенин билип туруп, Аллах Тааланын буйруган кантип моюн сунбайсың?! -дейт Ибрахим.

Суроосуна жооп болбогон соң Ибрахим: “Эң акыркы бешинчи шарт. Ушуну аткарсаң, каалашыңча күнөө кыла аласың. Тозокко жоопту болгон периштелер сени Тозокко сүйрөп бара жатканда, андан баш тарт,”-дейт. Ошол кезде суроого жообу, жасарга амалы калбаган жанагы адам ошол жерде ыйлап, катасын түшүнүп, күнөө жасоодон тыйылып, туура жолго түшкөн.

Чынында, биз кимибиэ жогоруда аталган беш шарттын бирөөсүн аткара алабыз?!
Эч кимибиз! Анда эмнеге күнөө жасоону уланта беребиз?!

👤Которгон: Нуриза Кармышакова.

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ +79099502601..
✿ WWW.FORMULA.KG

Ачкыч сөздөр
Улантуу ⇓

Тектеш темалар

Жооп берүү

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт.

Close
Close