alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:53 | alternatetextКуптан: 21:36
Жаңылыктар

121 млн. сомдук чыгым. «Ихсан» турак жай кооперативинин жетекчиси кармалды

«Ихсан групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы Б.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматы боюнча, «Ихсан групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына 209-берене (алдамчылык), 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

2022-жылдын март айынын башынан бери өлкөнүн бардык аймагындагы «Ихсан» кооперативине кирген жарандардан көптөгөн кайрылуу келип түшкөн.

Жарандар түзүлгөн келишимдердин негизинде кирүү акысын 4% жана 7% өлчөмүндө, ошондой эле 25-35 пайыз баштапкы төлөм, сатып алынуучу мүлктүн наркынын 50 пайызын төлөшкөн.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин мүчөлөрү турак жай да, автоунаа да ала элек. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар өз акчасын кайтара албай жатышканын айтышкан.

«Ихсан групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин жетекчилиги тарабынан төлөнбөй калган сумма 121 млн 313 миң 950 сомду түзгөн.

11-июль күнү кылмышка шектүү катары «Ихсан» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы 1975-жылы туулган Б.А. кармалган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иш боюнча тергөө уланууда.

«Урматтуу кыргызстандыктар, сиздерден «Ихсан групп ЛТД» кооперативине кирбөөнү суранабыз. Каржы пирамидасынын белгилери байкалып, салынган каражаттар кайтарылбай калышы мүмкүн. Сак болгула», — деп айтылат ИИМдин билдирүүдө.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button