Кааба таштын тарыхы

Мусулмандар күнүнѳ беш жолу, ыйык Кааба (кара материал жабылган, бийиктиги беш метрге жакын, куб түрүндѳгү курулма) жайгашкан, Мекке тарапты карап, намаз окушат. Бул бардык тарабы компастын алкактарына (түндүк, түштүк, батыш, чыгыш) дал келген, куб калыбындагы курулма.

Демек, Кааба деген эмне? Элде, Меккедеги кара таш менен байланыштуу ар кандай окуялар айтылып, ал таш абада калкып тураары белгиленет. Алгач, окурмандарыбызга Каабанын тарыхы жѳнүндѳ баяндайбыз.

null

Аны дүйнѳгѳ биринчи жаралган Адам ата (ага тынчтык болсун!) курган. Бул Бирдиктүү Кудайга ибадат кылуу үчүн, жер жүзүндѳгү адамдар тарабынан курулган биринчи сыйынуу үйү!

«Чындыгында, адамзат үчүн Меккеде алгач курулган Үй – бүткүл аалам үчүн ыйык жана Туура жол! Анда ачык белгилер жана Ибрахимдин орду бар. Кимде-ким ага кирсе – тынчтыкта болот. Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Аллах (ыраазычылыгы) үчүн Каабага ажылык кылуу милдети жүктѳлдү. Ким мындан жүз үйрүсѳ, чындыгында, Аллах – ааламдагыларга муктаж эмес!» («Аалу Имран» сүрѳѳсү, 96-97 – аяттар).
 Такталган маалыматтарга ылайык, Каабаны, дүйнѳнү топон суу каптагандан кийин, Ибрахим (ага тынчтык болсун!) баласы Исмаил менен калыбына келтирген. Ибрахимдин (ага тынчтык болсун!) курулмасына, аль-Амалика уруусунун кайра куруусуна чейин эч ким тийген эмес. Кийинчерээк Журхума уруусу да кайра курууларды жүргүзгѳн. Хижрага чейин, экинчи жүз жылдыкта, Каабаны башкаруу укугу, пайгамбардын (ага тынчтык болсун!) тукуму Кусай ибн Килабга тийип, ал аны толук бузуп, пайдубалын кайрадан түптѳп, куруп чыккан да, ага пальма жалбырактарынан чатыр жасаган. Кааба таштын бир тарабына «Дару-н- Надва» (Чогулуш үйү) курулуп, ошол жерде башкаруу

ишин колго алып, тарапташтары менен кеӊеш жүргүзүп турган. Кийинчерээк, ал Каабанын бардык тараптарын Курайшит уруусунун ар түрдүү уруктарына бѳлүп берип, алардын ар бири тиешелүү тараптарына үйлѳрдү курушкан. Бардык үйлѳрдүн эшиктери, Каабанын багытында ачылган. Пайгамбарыбыздын (ага тынчтык жана береке болсун!) миссиясы башталганга беш жыл калганда, болуп ѳткѳн суу каптоо курулманы талкалап кеткен. Аны куруу милдетин Курайшит уруусу ѳзүнѳ алып, ал ишке римдик куруучуну жана египеттик жыгач устаны жалдашкан. Кара ташты ордуна жайгаштыруу мезгили келгенде, ким аны ордуна коюу урматына ээ болот деген талаш маселе жаралган. Ошондо алар, Мухаммад (ага тынчтык болсун!) кайрылышат. Ал учурда, пайгамбар 35 жашка толгон эле. Кайрылгандар анын акылмандыгына жана эстүүлүгүнѳ тереӊ ишенишкен. Сырт кийимине кара ташты салып, баардыгына кийимдин ар тарабынан кармап, аны чогу кѳтѳрүүгѳ буюрду. Ташты алып келип, тиешелүү бийиктикке кѳтѳргѳндѳн кийин, ал ташты алып, ѳз колу менен ордуна жайгаштырды. Ошол учурда, Курайшиттердин каражаты тап-такыр түгѳнүп, Каабанын бир тарабын кичирейтүүнү кеӊешишет. Бүгүнкү күндѳ, Кааба таштын бир тарабы кичирээк келип, ал тарап «хижр Исмаил» («Исмаилдин тыюу салган жери») деп аталат.

Каабанын түзүлүшү

Кааба формасы боюнча, кубдук курулма болуп эсептелип, оор, кѳгүш-боз таштардан куралган. Анын бийиктиги 16 метрге жетет. Пайгамбардын (ага тынчтык болсун!) убагында анын бийиктиги, бир топ эле жапыз болгон. Ал тѳмѳнкү окуяга байланыштуу: Меккенин ачылыш күнүндѳ, пайгамбар (ага тынчтык болсун!) ийинине Али ибн Абу Талибди кѳтѳрүп, ал Каабанын чатырында жайгашкан буттарды (идол) алып, ыргыткан. Суу берилүүчү, түндүк дубалдын (хижр Исмаил) жана анын карама-каршысында турган түштүк жагынын узундугу он метр, он сантиметрге жетет. Ал эми эшик жайгашкан чыгыш бѳлүгүнүн жана батыш жагынын узундугу он эки метр. Каалга, жерден эки метр

бийиктикте жайгашкан. Кара таш чыгыш бурчта жайгаштырылып, кирип келе жаткан адамдын сол тарабында болот. Таш жерден бир жарым метр бийиктикте орун алган (тактап айтканда, айланып ѳтүүчү жердин деӊгээлинен). Каабаны айлануу (таваф) ырымында, зыяратчылар ташка колун тийгизүүгѳ же аны ѳбүүгѳ аракет кылышат. Алар Мухаммад пайгамбар (ага тынчтык болсун!) ажылык кылган учурда жасаган аракетине урмат-сый кѳрсѳтүү үчүн жасашат. Исламда, аталган ырым символикалык мааниге ээ болуп, тактап айтканда, кара таш дин тутуучулар тарабынан жѳнѳкѳй таш катары эле кабыл алынат. Кара таш (Хаджар аль-Асвад) аска ташка окшош, катуу массага (илимде анын келип чыгышы белгисиз) ээ. Кара таш абада калып турбайт. Каабанын бир бурчуна гана коюлган. Кара таш туура эмес овал калыбында болуп, ачык кызыл темгилдери бар, кара түстѳгү таш. Андан кызыл жана сары түстѳгү толкун сымал сызыктар даана байкалат. Анын диаметри отуз сантиметрди түзѳт.

Байыркы мезгилден бери эле, Каабанын бурчтарынын ѳз аталыштары бар («аль- Аркан» – түркүк ). Түндүк бурчу – Ираки Рукн (ирактык), батышы – Сириялык, түштүгү – Йемендик жана чыгышы (анда кара таш орнотулган). Каалга менен ара таштын ортосундагы аралык «аль-Мультазам» (ишенимдүү орун) деп аталат. Анткени, ташты айланып келе жаткан зыяратчы, Аллахтан жардам сурап, ага сыйынып, аны бекем карманат. Түндүк дубалга бекитилген кобул (желоб), ырайымдуулук кобулу деп аталып, алгач аль-Хажаж ибн Юсуф тарабынан коюлган. 954-жылы түрк Султаны Сулейман күмүшкѳ алмаштырып, ѳз кезегинде, 1021-жылы Султан Ахмад алтын буусуна чѳгѳрүлгѳн күмүш кобул менен алмаштырган. Хижранын 1273-жылы түрк Султаны Абдул-Мажид аны алтын кобулга алмаштырып, ал бүгүнкү күнгѳ чейин сакталып келет.

Кабаанын жабуусу

null

Белгилүү болгондой, Каабанын алгачкы жабуусун, Тубба (Йемен падышаларынын титулу) Абу Бакр Асад күмүш жиптер менен кооздолгон кездемеден жасаткан. Анын мураскерлери бул салтты улантышкан. Пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Каабаны йемен кездемелери менен жапкан. Бул

салт кийин да уланып, ал жабуу арабча «кисва» деп аталат. Аббасиддердин халифи зыярат кылуу үчүн келгенде, анын бакылоочулары, жабуулардын кѳптүгүнѳн, бузулуу коркунучу жаралганын айтып, арызданышкан. Халиф аларды алып салуу боюнча буйрук берген. Ошондон тартып, жыл сайын эски жабууну алмаштырып, Ыйык Курандын аяттары саймаланып түшүрүлгѳн жабуу жабылат. Бул салт бүгүнкү күнгѳ чейин уланып келет. Ал эми Ыйык Курандын аяттары саймаланган «кисва» кездемесинин бѳлүктѳрү, Сауд Арабиянын падышасынын атынан, башка мамлекеттерге белек катары жиберилет. Анткени, падыша эки ыйык жайды (Мекке жана Медина) коргоочу титулуна ээ.

Каабага кам кѳрүү (камкорчулук)

Каабага кам кѳрүү милдети, Халил аль-Хузайдын мезгилине чейин, Хузаа тукумуна тиешелүү болгон. Ал кызын (Кусай ибн Кулайга турмушка чыккан) мураскер катары

жарыялап, ѳзүнүн тукумундагы Абу Габшан аль-Хузайга, эшиктерди ачуу жана жабуу укугун берген. Абу Габшан ѳз укугун, Кусай ибн Килабга, бир тѳѳ жана чанач толтура шарапка сатып жиберет.

Анын натыйжасында, Каабага кам кѳрүү укугу Курайшиттерге берилген. Иштин абалы, пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Мекке шаарына келип, Каабадагы бардык сүрѳттѳрдү алып, буттарды (идол) талкалоого буйрук бергенге чейин сакталган. Ибрахимдин (ага тынчтык болсун!) турган орду – ал ибадат кылып жаткан мезгилде, бутунун изи калган таш. Анын үстүнѳ, тѳрт түркүктүү купол курулган. Ошол жерге, адамдар ташты айланып келгенден кийин, ибадат кылууга турушат.

Каабанын мааниси

Каабаны Араб жарым аралында жашаган кѳптѳгѳн элдер жана уруулар жогору баалашкан. Жѳѳттѳр Каабаны урматташып, Авраамдын (Ибрахим) (ага тынчтык болсун!) динине ылайык, Кудайга сыйынышкан. Мурда, Каабада кѳптѳгѳн сүрѳттѳр болгон. Анын ичинде Ибрахим менен Исмаилдин (аларга тынчтык болсун!) колдорунда пайгамбарлык жебелерди кармаган сүрѳттѳрү чагылдырылган. Мындан тышкары, Мариянын жана анын баласы Исанын (аларга тынчтык болсун!) кейиптери түшүрүлгѳн сүрѳттѳлүштѳр жайгашкан. Демек, бул жѳѳтѳр сыяктуу эле, христиандар дагы Каабаны урматташкан. Арабдар Каабага ѳтѳ жогорку урмат менен мамиле кылышкан. Эӊ баштапкы

учурлардан тартып эле, Каабаны – Аллахтын үйү катары эсептешип, ар тараптан келишип, зыярат кылышкан. Алар, Каабаны Ибрахим (ага тынчтык болсун!) куруп, ага зыярат кылуу, андан мураска калган, диндин бѳлүгү экенин билишкен. Каабага камкордук кылуу Ысмайылга (Ибрахимдин баласы) тапшырылып, ал ѳз тукумдарына калтырган. Убакыттын ѳтүшү менен Ысмайылдын тукумдарынын саны жана согуштук күчү арткан. Ошол учурда, Ысмайылдын тукумдарынын башчысы болуп, Хузаа

уруусунун ѳкүлү, Амр ибн Лахий болгон. Ал ханифа (бир кудайга ишенүү) дининен чыгып, Каабага буттарды (идол) орнотуп, адамдарды аларга сыйынууга чакырган. Алгачкы бут (идол) Сириядан алынып келинген, Хубал болгон. Кийинчерээк башка буттар (идол) пайда болгон. Бара-бара Каабада кѳптѳгѳн буттар (идол) чогултулуп, арабдардын арасында бутка (идол) сыйынуу, тактап айтканда, бутпарастык кеӊири таралган. Ибрахимдин тукумдары, алгачкы дин болгон кудайга ишенүүнү бурмалашып, унутта калтырышкан. Ошондо Аллах ѳзүнүн пайгамбары жана элчиси Мухаммадды (ага тынчтык болсун!), бир кудайга ишенүүгѳ чакыруу миссиясы менен жѳнѳткѳн.

Булак "Умма"
Live Covid-19
  1. Акылбек кызы Кызбурак айтты

    Каабаны талкоолуну ким коздогон ошол жонундо маалымат айтып беринизчи

Жооп калтыруу

Email дарегиңиз жарыяланбайт!

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.