18.1 C
Bishkek
14.06.2025
МакалаларРубрикасызТарбия

Келечектеги келиндерге 10 насаат

Кызын турмушка узатып жаткан эне кызына кайрылып: «Кызым, туулуп, чоңойгон үйүңдөн чыгып, тааныбаган жат адамдын үйүнө барасың. Жашооңдун калган бөлүгү ошол жерде өтөт. Демек, сен үчүн чыныгы турмуш эми башталат. Турмуштун ысык-суугун мени менен же атаң менен эмес, күйөөң менен бирге көрөсүң. Келечек жашооң бактылуу же бактысыз болуу өзүңдүн колуңда. Кызым, күйөңө күң сыяктуу кызмат кыл. Ошондо ал сага кул болот. Жашооңду тынч, таттуу өткөрүүнү кааласаң, төмөнкүлөргө көңүл бур:

1. Күйөөңө эч качан моюн толгобо. Ага ар дайым баш ий.
2. Анын тапканына каниет кылып жаша.
3. Көйөөңдүн көзүнө эч качан жагымсыз абалыңды көрсөтпө.
4. Күйөңдүн мурду сенден эч качан жагымсыз жытты искебесин.
5. Күйөңдүн уктоочу убагын жакшы бил жана уктап жаткан учуда керексиз иш үчүн менен ойготпо.
6.Күйөңдүн тамактанар мезгилин да байкоосуз калтырба. Курсагы ачкан адамдын ачуусу чукул болот.
7. Күйөңдүн туугандарына жакшы мамле жаса.
8.Анын мал-мүлкүн жакшы сакта.
9. Эч качан күйөңө күнөө жасаба.
10. Күйөңдүн сырын эч кимге айтпа.

Урматтуу мусулман бир туугандарым! Насаатты көчүрөөрдө шилтемеси менен кошо көчүрүңүздөр.

Абдишүкүр Нарматов, 

Related posts

Британия: Мухаммед — балдарга көп коюлган ысым

Мелис Шерматов

Азирети Муфтий селден жабыр тарткан Ак-Терек айылынын тургундары менен жолугушуп, кырсыктан жабыркаган айыл имамына акчалай жардам көрсөттү

Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясында өлкө башчынын жарлыгы боюнча чукул жыйын өтүп, бир катар маселелер каралды

1 comment

Leave a Comment