alternatetext Багымдат: 04:18 | alternatetextКүн чыгуу: 06:03 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
Аңгемелер

🚕 КЕН ПЕЙИЛ, АНАН ТОК ПЕЙИЛ АЙДООЧУ

✍ Кээде элге аралашып, коомдук транспортто журууну жактырам, кээде таксиге тушуп калам. Элге аралашсан алардын абалын жакындан билесин, озунду алар менен салыштырасын.

Бир жолу Меккеден Жиддага таксиге отуруп калдым. Айдоочу алтымыштан ашып калган кишикен. Жумушунан ардактуу эс алууга чыккандан кийин, эл ташып тирилик кылып жатыптыр. Адатынча ал-абалын сурап созго тарттым.

Жашоосуна ыраазы, Аллага мактоо айтып, мин мертебе шугур кылат. Эртеден кечке иштеп тапканы кунумдук жашоосуна кенен жетет экен. «Кечинде эт, нанымды которуп уйго кирип барам, уй-булом мени, мен аларбы сагынам», — дейт. Анан да: «Бул ишим озумо жагат, озумо-озум бий, озумо-озум хан, кой деген кожо жок. Жаныма аалым да тушот, наадан да тушот, даанышман да тушот, акмак да тушот. Биринен акыл кеп уксам, биринен анкоо соз угам, ошентип жашоого коз карашым озгоруп, тажрыйбам артты. Менде кайгы-санаа деген жок. Алланын аят белгилерине акыл жугуртом, зикир кылам. Уй-буломду таман акы, мандай тер менен багам, ошон учун жашоом абдан таттуу, конулдуу»- деп жузундо да, журогундо да кири жок жайдары суйлоп баратты.

Алланын бергенине ыраазы, тапканына каниеттуу бул айдоочунун жаркылдаган элеси эстен кетпейт. Аны эстегенде миллиарддаган кирешени басып жаткан, бирок кулмок тургай, жылмаюуга да алы келбей, журогу катып, санаа басып жузу саргайган байларды эстейм.

Кеп мал-дунуйонун коптугундо же аздыгында эмес, ыраазылыкта, каниеттуулукто, конулдун токтугунда экен. Бакыт байлыкта эмес,бир сындырым нан болсо да, аны адал эмгек менен таап жегенде тура. Таман акы, мандай тер менен табылган ырыскынын даамы да озгочо, озу да пайдалуу. Женил жол менен табылган байлыктын даамы да болбойт, пайдасы да тийбейт.

Демек, Алла сага болуп берген ырыскыга ыраазы бол да, Ага шугур кылып жаша. Бактылуулук мына ушунда.

Орозоңуздар кабыл болсун! Жума маарек болсун!

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Булак
"Бакыттын сырын ачтым" китебинен.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button