alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Макалалар

✨Азирети Умардын (р.а) асыл насааттар.

✨Азирети Умардын (р.а) асыл насааттар.

☝🏻Бул бөлүмдө эч жоромолдобостон, Азирети Умардын (р.а) сөздөрүнөн мисал келтирмекчибиз:

📍1.Ахнафка: Оо, Ахнаф! Ким көп күлсө сүр, айбаты кетет. Ким бирөөнү шылдыңдаса өзү да шылдыңга калат.
Ким бир ишти көп жасаса (ал адам) ошону менен таанымал болот. Көп сүйлөгөн адам көп жаңылышат. Көп жаңылыштыгы болгон адамдын уяты жоголот. Уяты азайган адамдын такыбалыгы алсыздайт. Кимдин такыбалыгы азайса анын жүрөгү өлөт!

📍2. Кол алдындагы акимдерге; «Силерди адамдарды мажбурлап баш ийдирсин деп дайындабадым. Силер туура жолго баштоочу жол башчы болосуңар, баары силерди ээрчийт. Ошондуктан мусулмандардын укуктарына көңүл бургула. Мусулмандарга зордук-зомбулук көрсөтпөгүлө, басынып калышпасын. Аларды жөнү жок мактабагыла, чектен чыгып кетпесин. Жакшы көзөмөлдөгүлө, күчтүүлөрү алсыздарын жебесин. Өзүңөрдү мусулмандардан өйдө көрбөгүлө алар адилетсиздикке жана зулумга дуушар болуп калышпасын.»

📍3.»Акыретте жоопко тартылуудан мурда өзүңөрдү жоопко тарткыла».

📍4.»Илим үйрөнгүлө. Илимди, сылыктыкты үйрөнүп салабаттуу болгула. Илим үйрөнгөн адамдардын алдында кичи пейил болсоңор, силерден таалим алгандар да силердин алдыңарда кичи пейил болот. Заалим аалым болбогула. Илим түркөйлүктү жоёт.»

📍5. «Алладан күнүмдүк ырыскыңарды тилегиле. Күнөөлөрүнө бушайман болгон адамдар менен бирге болгула. Себеби алардын жүрөгү ыйык. Алладан корккон адам ачуусуна алдырбайт жана каалаганын эле жасай бербейт, акырет болбогондо дүйнөнү мындай абалда көрбөйт элеңер.»

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button