1. Дүйнөнү сүйүү— караңгылык.
Анын чырагы— Аллахтан коркуу.
2. Күнөө— караңгылык.
💫Анын чырагы— тооба кылуу.
3. Кабыр— караңгылык.
Анын чырагы— «Лаа илааха иллаллоху, Мухаммадур Расулуллох»
4. Акырет— караңгылык.
Анын чырагы— жакшы амал.
5. Кыл көпүрө— караңгылык.
Анын чырагы— Ишеним.
Раабия Адавия рахматуллоху аллейхи белгилүү таква аял болчу, ал түнү бою намаз менен алек болчу, таң аткандан соң бир аз уктачу, жана таң атып жарык болуп калганда, коркуп тура калчу да, өзүнө— өзү:
— Качанга чейин уктайсың? Жакында Кабыр азабы келет, ошондо сурнай тартылганга чейин уктай турган учур болот,—деп жемелөөчү.
Өлүмү жакындап калган кездн, ал бир аял кызматчысына, тахажжуд намазын окуганда кийип жүрчү жүндөн токулган көйнөгүнө, өлгөндө аны ороп көмүүсүн жана өлүмү тууралуу эч кимге айтпоосун наасат кылып, өтүнгөн.
Ошентип аны ошол насааты боюнча көмүштү.
Соң ал кызматчы аял түшүндө Раабияны кооз кийим кийип жүргөнүн көрдү да, андан аны кепиндегенде ороп көмгөн көйнөк кайда— деп сурады?
Раабия, ал көйнөк менин амалдарым менен чогуу оролуп турат,— деди.
Кызматчы аял, мага кандайдыр бир насаат бериңиз— деп андан сурады.
Ошондо ал:
—КОЛУҢДАН КЕЛИШИНЧЕ АЛЛАНЫН ЗИКИРИН КЫЛ. ОШОНУН БЕРЕКЕСИНЕН КАБЫРДА СЕНИН АБАЛЫҢ СУКТАНААРЛЫК БОЛОТ, —деди.
«АЛЛАХЫМ БИЗДИН АМАЛДАРЫБЫЗДЫ ДА СУКТАНААРЛЫК КЫЛСЫН» Оомин…
⠀
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG
I will right away take hold of your rss feed as I can’t find your email subscription hyperlink or e-newsletter service. Do you’ve any? Kindly let me realize in order that I may just subscribe. Thanks. https://gsab.de/index.php/produkte/zaehleranschlusssaeulen.html