Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жаңы дайындалган баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров хатибияттын документ иштери менен таанышып, кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди.
Баш имам-хатиб имамдар менен мечиттердин толук эмес документтерин тез арада толуктоо зарыл экенин баса белгиледи.
«2022-жылдын башындабыз. Жаңы күч, жаңы дем менен ишти баштап турабыз. Бардык документтерди жаңыдан карап, тактоо зарыл. Имамдар менен мечиттердин кайсыл документтери кем болсо, тез арада толуктайлы. Каттоодон өтө элек мечиттерди тезинен каттоо керек. Каттоо иштеринде мамлекет тарабынан бардык колдоолор көрсөтүлүп жатканда, жакшы ишке себепчи болуп калалы», – деди Акжол ажы Бакиров.