Кечээ, 15-февраль күнү Өзгөн районунун администрациясынын алдында Афган согушунун 33 жылдыгы белгиленип, согуштан кайтпай калган жоокерлерге Куран окулду.
Иш-чарага Өзгөн районунун администрация башчысы Мурат Раматов, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов, мекеме-уюмдардын жетекчилери жана Афган согушунун ардагерлери катышты.
Эскерүү иш-чарасында Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров согуштан кайтпай калган маркумдардын рухуна багыштап Куран окуп, Жараткандан мамлекетибиздин бүтүндүгүн, журтубуздун амандыгын тилеп бата кылды.