Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында Өзгөн райоунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров М.Разаков атындагы мектеп-интернатынан кабар алып, илим алуунун маанилүүлүгү, мугалимди урматтоо жана адеп-ахлак темаларында баяндама жасап, өзүнүн пикирлери менен бөлүштү.
«Балдар биздин келечегибиз. Аларга татыктуу таалим-тарбия берүү баарыбыздын атуулдук милдетибиз. Аз да болсо руханий азык берүүгө аракет кылуудабыз», — деди Акжол ажы Бакиров.
Иш-чара соңунда райондун баш имам-хатибинин демилгеси менен балдарга жакындан көмөк көрсөтүү жана алардын маанайын көтөрүү максатында 180 балага жайкы сезонго ылайык сапаты жакшы кийимдерди белек кылды.
Can you be more specific about the content of your article? After reading it, I still have some doubts. Hope you can help me. https://accounts.binance.com/ru-UA/register-person?ref=OMM3XK51