Адам баласы ар-бир күнү-түнү үч сыноого кабылып турат, а бирок ошонун бирөөсүнөн да адам сабак албай келет:
⠀
БИРИНЧИСИ: Күндөн күнгө өзүнүн өмүрү азайып жатса да, ал нерсесине тынчсызданбайт дагы, ал эми мал-мүлкүнүн азайып келе жатканына өтө тынчсыздануу менен жашап келет. Мал-мүлк кайтып келүүчү нерсе экенин, ал эми өмүр деген кайтарылбай кетүүчү нерсе экенин мусулман адам түшүнүп жашоосу абзел.
⠀
ЭКИНЧИСИ:
Ар бир күнү Аллах Таала берген ырыскысынан жеп-ичип жашап келет. Эгерде ал тапкан ырыскысы адал жолу менен болсо, кайдан тапканы тууралуу Кыяматта суралмакчы, ал эми арам жолу менен тапкан ырысыкысы болсо, Кыяматта ал үчүн азапталмакчы. Акыйкатта адам баласы Кыяматта эсептешүү кандай болоорун элестете да албайт!
⠀
ҮЧҮНЧҮСҮ:
Ар бир күнү өткөн сайын каалабаса да Акыретке жакындап, дүнүйөсүнөн ажырап бара жатканын билсе дагы Түбөлүктүү жайы болгон Акыретине амал кылбай убактылуу гана колдонууга берилген дүнүйөсү менен алектенди. Ал кайдан билет анын жаны акыретте Бейиштин улуу даражалуу жайында болоорун, же болбосо Тозоктун эң түпкү даракаттарында болоорун…
⠀
Бул дүйнө үч күндөн турат:
⠀
🏾 Кечээки күндү жашадык, ал күн кайтып келбейт.
⠀
🏾 Бүгүнкү күндү жашап жатабыз, ал күн кайталанбайт
⠀
🏾 Эртеңки күндү билбейбиз ал күнү кайда болоорубузду. Ошондуктан кечиримдүү бололу, кечирүүчү бололу жана садака көп кылалы. Анткени мен дагы, сен дагы, алар дагы, баардыгыбыз тең бул дүйнөдө калбай кетүүчүлөрдөнбүз. Аллах Таала бизди бул дүйнөдөн Өзүнүн каары менен эмес, Өзүнүн ырайымы менен алып кетишин сураналык. Акыретте Бейиштик болуп Тозоктон кутулуубуз үчүн бул дүйнөдө татыктуу жашап өтөлүк.
⠀
_Жараткан Аллах!_
_Бизге бул дүнүйөнү биздин эң негизги түйшүгүбүз катары кыла көрбө!_
⠀
Аамиин!
⠀
(p.s.) _Ким кандай жашаса ошондой өлмөкчү, ким кандай өлсө ошондой тирилмекчи!_
⠀
Гүлнур Муслима.
http://formula.kg/үch-synoo/
⠀
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ Youtube.com/Formulasy
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG