Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө башчынын «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча» Жарлыгынын алкагында бүгүн, 28-февралда жалпы мечит имамдарынын билим деңгелин жогорулатуу максатында Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасы боюнча “Билимдүү имам” аттуу эки күндүк окуу семинары Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында башталды.
Учурда Тоң, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарындагы дин кызматкерлери мазхаб, Матуридий акыйдасы, Ханафий мазхабы, соода-сатык эрежелери, адал сертификат, нике, талак маселеси, зекеттин өлчөмү, шарияттагы маркумду жерге берүү эрежеси, ысырапкерчилик темалары боюнча бекитилген графиктин алкагында сабактар башталды.
“ “Билимдүү имам” аттуу окуу семинары өлкөбүздүн бардык тарабында уюштурулуп, Дин Башкармалыктын түзүмүндөгү бардык дин кызматкерлеринин билим деңгээлдери жогорулатылмакчы. Муну менен катар ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 2021-2026 жылдарга карата жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын багыттары тааныштырылууда. Максатыбыз имамдарыбыздын билимин жогорулатуу жана калкыбыз менен тыгыз иш алып баруу”,-деди Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев.
Эскерте кетсек, 24-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыктын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругу чыгып, эл арасында түшүндүрүү жана дин кызматкерлерин окутуу иштери башталды.