alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:12 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:52 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
МакалаларТаасирдүү окуялар

ЧОҢ ЭНЕМДИН КЕБИНЕН

ЧОҢ ЭНЕМДИН КЕБИНЕН

Бүгүн да чоң энем мени алдына чакырып,дайымкыдай кебинен сөз баштады.
Тээтиги айылда мен курактуу карыя жашаган экен.Ал тууралуу сураганда бир гана»ибадатын калтырган күнүн көрбөдүм,дайыма эле көчөгө чыкканынын себеби мечит болчу….»деп айтышаар эле.Күнү бүтүп анын сөөгү жерге берилиптир.Эки жумадан соң кабыры казылып, карыянын жансыз денесинин ордуна жаш кыздын сөөгү табылганы тууралуу сөз тарады.Дегенде чоң энеме жанаша отуруп,көздөрүм жанып,оозумдан бир гана кандайча?деген суроо гана чыкты.Чоң энем андан ары сөзүн улай,элдин айтууларына караганда ал жаш кыздын ата-энеси мусулман эмес жана алар төрт бай үй-бүлө.Мусулман аял алардын колунда иштөөчү,жаш кызды бөбөгүнөн баштап карап, чоңойткон дешет.Ал кыз чоңойгондон соң аялды жумуштан бошотуп жибергенден кийин,кыз катуу ооруга чалдыгып калат.Эч бир нерсе таасир этпей,айыкпастыгын кабарлашат.Өлүм төшөгүндө жаткан кыздын бир эле каалоосу,кичинесинен баккан аялды көрүү болгон.Колунда бар атасы бар күчүн жумшап ал аялды таап келет.
«Ушул күнгө чейин сиз жанымда болгон убакта мен бир эле нерсени ойлоно берчү элем.Сиздин кийген кийимиңиз,кыймыл-аракетиңиз.Денеңиздин ачык жерин,чачыңыздын бир талын көрбөйт элем.Эгер билсеңиз сизден көргөн кыймылды мен жашыруун жасап жүргөм качан мен бутумду бүгүп,бешенемди килемге ай койгонумда жүрөгүм тынч согуп,жеңилдей түшөт элем.Бирок мен ал кыймылды кандай себеп менен жасаганымды билбейм жана сизге окшоп шыбыраңкы үн менен эч нерсе окубадым.Мен мусулман болуп жан бергим келет»Мусулман болгондон кийин көп өтпөй көз жумуптур.Баккан аялдын колуна кат жетет:мени жерге койгондон кийин денемди «гробдон»чыгарып кепинге ороп жерге коюшуңузду суранам. Ал барып ачканда ордунан мусулман карыянын сөөгүн кепинден табат.Чочуган аял карыянын кичи мекенине туугандарын издеп келет.Аза күтүп отурган үйгө киргенде ошол чалдын кемпири олтурган эле, сүйлөшө келип,»каапырлардын»жайынан сөөгүн көргөнгө эмне себеп болгон. «Бир да намазын калтырбай окучу,орозо,зекеттерин токтоткон эмес.Бир эле жери кыш мезгили келээри менен нааразылыгын баштайт»каапырларга жакшы э?! Суукта биз сыяктуу калтырап даарат албайт,намаз окушпай эле жыргал жашоодо жашашат» арыздана берчү деп ыйламсырап айтып бериптир.
Ааа чоң эне мен түшүндүм демек жүрөгүбүздөн чын ыклас кылып кааласак Аллах берет турбайбы! Ооба,каралдым,көрдүңбү сенин ниетиңди кайсыл убак болбосун ар дайым жооп берүүчү ал Аллах.Каапырдыкындай жашоону эңсеген карыяга каапырдын жеринен орун берди.А мусулман болууну каалаган кызга ак кепинге денесин жабуу да,тынч кабырда жатууну да буйруган экен.Эң башкысы ниетиңди туздөсөң өз нугунда жашооң түзөлөт.

» Ким өзүн кайсыл бир коомго окшоштурса, ал ошолордон»

🧕Асан кызы Диана.

Эскертүү!!! Макаланы башка тармактарга таркатууну кааласаңыз өзгөртүүсүз таркатыңыз! Аманат!!!
________________________________________

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp: +996 555 401 133

📲+996 778 503 695

👨‍👩‍👧‍👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ T.me/formulakg
✿ Youtube.com/FormulaMediaKG
✿ Instagram.com/Formulasy
✿ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

1 пикир

  1. Прошлым вечером пересматривал содержание инета, неожиданно к своему восторгу обнаружил хороший ресурс. Вот посмотрите: https://sms-activation-service.com/ . Для нас данный ресурс оказался очень нужным. Всех благ!

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button