Ош облусунун Чоң-Алай райондук хатибияты райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги менен макулдашып, мектеп окуучулары менен жолугушууну баштады. Жолугушуу жогорку класстын окуучулары менен уюштурулуп, мугалимди сыйлоо, билим алуунун зарылдыгы, адеп-ахлак, тартип жана тазалык темаларында насааттар айтылууда.
«Жаш өспүрүмдөрдүн адеп-ахлагы кооз, илим-билимге болгон мамилеси жакшы болууга тийиш. Мектеп окуучуларын мугалимдерди сыйлап, урматтоого чакыруудабыз. Мугалимге баш бербөө, аларды ызаа кылуу менен билим жукпайт. Устат кор болгон жерде өсүп-өнүгүү боюнча кыялдануу туура эмес, – деп билдирди Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек Маматаминов.
Эскерте кетсек, хатибият, райондук окуу бөлүмү жана укук коргоо органдарынын биргелешип өткөрүп жаткан жаш өспүрүмдөр менен жолугушуу иш-чарасы райондогу ар бир мектепте уюштурулмакчы.
Hi! Do you know if they make any plugins to help with SEO?
I’m trying to get my site to rank for some targeted
keywords but I’m not seeing very good results.
If you know of any please share. Thanks! You can read similar art
here: Wool product