Спекуляция же кыргызча айтканда чайкоочулук, жеңил жолдор менен баюуну көздөгөн сооданын бир түрү. Жеке өз пайдасы үчүн кызыл кулактык кылып, калкка керектүү буюмдарды ар кандай жолдор менен көп өлчөмдө сатып алып, ал нерселерге талап күчөгөн кезде баасын абдан жогору көтөрүп элге кымбат сатуу — динибизде арам болуп саналат. Анткени чайкоочулук керектүү буюмдардын бааларындагы тең салмакты, нарктагы нормалдуулукту бузуп жиберип, коомчулукту кымбатчылык менен муунтат. Кызыл кулак чайкоочулар демейки абал соода — сатык менен алектенгендерге гана эмес, жалпы калкка зыян келтирип, жеке пайда үчүн далай адамдарды жарга түрткөнгө даяр турушат. Андайлар өз пайдасын элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюшуп, бааларды башаламан кылып, карапайым калкты каатчылыкка түртүп, сызга отургузушат. Арааны ачылган сайын эркин соодага бөгөт коюушуп, башкалардын соодасын башаламан кылышат.
Пайгамбарыбыз (саллаллооху аллейхи вассалам) чайкоочулук кылган арам жегичтердин абалы тууралуу: » Товарды монополия кылып бир колго алгандар — катачылыкка баткандар» деген.(Муслим, Мускат 29, Абу Дауд Бую 49)
Башкача айтканда, андайлардын ишинде кылчалык туура нерсе жок, коомчулукка зыян гана алып келишет.
Дагы Пайгамбарыбыз ( саллаллооху аллейхи вассалам) чайкоочулардын акыбети тууралуу мындай деген: » Кимдир бирөө элге керек товарды кырк күндөн ашык (базарга чыгарбай) басып алса, ал Жараткандан алыс, Алла Тааланын жакшылыгы да андан алыс.»(Ахмад бин Ханбал, Муснад 2/33).
» Күнөөгө баткан адамдан башка эч ким сооданы монополия кылып албайт.» (Абу Дауд, Бую 47)
» Товарды басып албай, базарга салган адам ырыскысын табат, чайкоочулук кылган адам каргышка калат.»(Ибин Маажа, Тижарат 6).
» Кимдир бирөө мусулмандарды зыянга учуратып азык-түлүктөрдү базарга чыгарбай басып алса, Жараткан аны айыккыс ооруга чалдыгтырат жана банкрот кылат. » (Ибин Маажа, Тижарат 6)
Кээ бир товарларды базарга чыгарбай басып алып же болбосо базардан кайра жыйнап алып, убактылуу каатчылыкты пайда кылуу, өзүнүн колундагы товардын баасын көтөрүү үчүн же болбосо чекене соода менен алектенуучулорду өзүнүн атаандаштарын зыянга учуратып эркин базардан жок кылуу максатында товарды базардагы демейки баасынан арзандатып сатыкка чыгаруу да чайкоочулук катары арам болуп саналат.
Кыскасы, чайкоочулукта чоң-кичине, бай- кедейдин акысын баарынын акысы калат. Бааларынын үстүндө ойнологон товарларга кандайдыр байланышы бар болгон бардык адамдар тарткан зыянына жараша акысы да чайкоочуда кала берет. Кыямат күнү бардык иштер эң адилеттүү таразалар менен тартылган учурда, акысы барлар өз акысын алууга даяр турушарын билебиз. Эч бир адам ал күндөгү эсептен кутула албайт. Ошондуктан Алла Таала тыюу салган Куран жана хадистерде бизге эскертилген андай жосунсуз жаман жоруктардан алыс жүргөн оң. Акылдуу адамдар өзүнүн түбөлүктүү келечегин алдын-ала таразалап, өзүн акырет күндүн адилет сотуна таза бойдон алып барууну ойлоору бышык. Акмак болсо, напсинин жетелегени менен кетип, куу кулкундун айынан чайкоочулуктун да кайра тартпайт керек болсо жакын санаалаштарын , тууган-туушкандарын да утурумдук пайда үчүн сызга отургузат. Кудай Таала бизди жамандыкка үндөгөн напсибиздин жетегине ээрчибеген ыймандуу жарандардан кылсын!
Даярдаган: Алина Муслима.