Катар кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Талас районунун Арал айылында Куран окутуу борбору ачылды. Саамалыкка облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана жергиликтүү тургундар катышышты.
«Куран — адамзаттын Кудай менен, жаратылыш жана андагы жандуу нерселер менен адам баласынын ортосундагы мамилелерди үйрөтөт. Ошондой эле Куран адамзаттын материалдык жана руханий муктаждыктарын толуктайт. Силердин эң жакшыңар — Куранды үйрөнгөн жана аны башкаларга үйрөткөнүңөр дейт пайгамбарыбыз хадисинде. Бул хадисте үйрөнгөн менен үйрөтүүчүнүн жакшылык жана соопто бирдей болгонуна басым жасалган. Андыктан балдарыңыздарды, неберелериңиздерди окутуңуздар,- деди облус казысы.