Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас шаарынын борбордук «Аль-Ааль Байт» мечитинде облустагы жалпы дин кызматкерлерине бирдиктүү формаларды таратты. Саамалыкка казыят кызматкерлери катышып, жалпы имамдардын ишине ийгилик каалашты.
“Кыргызстандагы бардык дин кызматкерлери бирдиктүү формага өтүштү. Ислам динин элге жеткирүүдө, ысырапкерчиликтин алдын алууда эл менен иштеп жатасыздар. Эми коомчулук менен жолугушууларда формаларды кийип, иш алып барыңыздар. Терс диний агымдардын алдын алууда жана жаштар менен иштөөдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү мамлекеттик кызматкерлери менен чогу иштеңиздер”,-деди облус казысы.