Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев аймактарды кыдыруу иш-планынын алкагында Кара-Суу районуна барып, Кара-Суу шаарындагы «Исмаил Ата» мечитинде шаар жана район тургундары менен жолугуп, мазхаб кармануунун зарылдыгы боюнча баяндама жасады.
«Мазхаб кармануу кээ бирлер айткандай бөлүнүп-жарылууга эмес, тескерисинче биримдикке алып келет. Биз жүздөгөн жылдардан бери Ханафи жолун карманып келебиз. Ата-бабабыз карманган жолду чанып, ахли сүннөттүн сыртына чыгып, салттуу эмес жолдорго баш уруу жакшылыкка алып барбайт, – деди облус казысы.
Сайдамир ажы баяндама соңунда мекенге бүтүндүк, тынчтык жана береке, ал эми элибизге биримдик, сабыр жана күч-кубат тилеп дуба кылды.