Орозо айы кайрымдуулукка жана мээримдүүлүккө үндөгөн ай. MegaCom абоненттери садака-фитир, зекет сыяктуу кайрымдуулук төлөмдөрүн MegaPay аркылуу бере алышат. Акча каражаттар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эсебине келип түшөт.
Садака-фитирди мобилдик капчыктын жардамы менен кантип төлөөгө болот?
• MegaPay тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп алуу;
• «Кайрымдуулук» бөлүмүнө кирүү;
• Битир садага, зекет же жетим балдарга бөлүмүн тандоо;
• «Реквизиттер» сабына кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү керек.