alternatetext Багымдат: 04:31 | alternatetextКүн чыгуу: 06:14 | alternatetext Бешим: 13:04 | alternatetextАср: 17:51 | alternatetextШам: 19:51 | alternatetextКуптан: 21:36
Макалалар

Сабырдын түбү сары алтын

Сабырдын түбү сары алтын

📍САБЫРДЫН ТҮБҮ САРЫ АЛТЫН

✍ Жашоодо ар кандай адамдарды көп көрдүм. Биринчиси, убактысынын көбүн бирөө менен урушуп, арыздашып, соттошуп жүрүп өткөрөт. Бир карыш жерди же бир кулак сууну талашат. Же автоунаасын чийдирип алат, же жол талашат, же эгинине кошунасынын уйу кирип кетет кыскасы, түккө турбаган жагдайлар үчүн жаңжалдашып, согушуп, анан мушташып акыр аягы соттошуп отуруп калышат. Мындайларга таң калам, булар ошол кылыктары үчүн сооп-сыйынан ажырап жатканын билишпейби?! Күнөөлөрү көбөйүп, убактысы кетип, башка бир пайдалуу ишке жумшалчу күч-кубаты бошко короп, жан-дүйнөсү жабыркап, кыскасы, ар тараптан зыянга учурап жатат го?! Аныгында талашып-тартышуу, жаңжалдашуу, урушуу өмүрдүн берекесин кетирет, жуйкону (нервди) жукартат. А чынында мында маселелерди чечүүчү жалгыз Алла бар.

Экинчи түрдөгүлөрү, мындайларга маани бербейт. Анча-мынчаны көрмөксөн, укмаксан болот. Кемчиликти кечире билет. Булардын көңүлү да тынч, жакшы амалдары да сакталуу, күнөөдөн да алыс, негизгиси, убактысы текке кетпей берекелүү. Айтарым, ар бир эле майда-чүйдө көйгөйдү көңүл чордонуна жайгаштыра бербе, болор-болбос убакыт коротпой, кечире бил. Булар өтө майда маселелер, сен Алла кереметтүү кылып жараткан адамсың. Ката кетиргенди кечир, өзүң ката кетирсең кечирим сура, көйгөйдү алоолонтпой, күчөтпөй, убагында дароо бүтүр.

Кокус жазып-тайып күнөөлүү болуп, маселеңди сот же казы чечер акыбалга туш келсең, анда да сабыр сакта, жаман сөз сүйлөбө, жалган айтпа. Ачууланба, жек көрбө, жүрөгүңдү таза сакта. Мен бул дүйнөдө жакшы амалдарды күйгүзүп жок кылууда адамдар менен талашып-тартышуудан өткөн жаман ишти көрбөдүм. Жакшылыкты жок кылып эле тим болбостон — күнөөнү көбөйтөт, убакытты бош коротот, жүйкөнү жукартат, кыскасы өмүрдүн берекесин кетирет.

Ошон үчүн Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бактылуулук үч нерседе экенин баса белгилеген:

«Тилиңди сакта, үйүңө батып жаша, күнөөлөрүң үчүн ыйла». Мына ушуларда чыныгы бакыт катылып жатат.

📗 «Бакыттын сырын ачтым» китебинен.

Автор: Аид ал Карни.

https://www.instagram.com/p/CBQCesDBxyq/?igshid=1ihp86vbo8964

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂

Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:
+996 771 822 202

📲+996 778 531 798

══════════════════
☪ OK.ru/Formulasy
☪ Fb.com/Formulasy
☪ T.me/formulakg
☪ Youtube.com/FormulaMediaKG
☪ Instagram.com/Formulasy
☪ WWW.FORMULA.KG

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button