Лейлек районунун Раззаков шаарындагы «Абдулло ибн Аббас» ислам институтуна демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жатакананын курулуш иштери башталды. Имарат жалпысынан 60 орунга ылайыкташтырылган.
«2021- жылы 1 кабаттуу 40 орунга ылайыкташтырылган жатакана салынган болчу. Окуучулардын саны өскөндүктөн имаратка экинчи кабат куруу зарылдыгы пайда болду»,- деди Абдулло ибн Аббас ислам институту ректору Абдыгапар уулу Кубатбек.