alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:58 | alternatetextКуптан: 21:46
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош шаарынын казысы Мырза кары Осмонов ӨКМдин түштүк аймагы боюнча жетекчиси Канат Джумабаев менен жолугушуп, өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча пикир алышты

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мырза кары Осмонов КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын Баткен, Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Канат Джумабаев  менен жолугушуп, диний мекемелердин имараттарындагы өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун алкагында шаар казысы мечиттерде өрт коопсуздугунан сактануу өзүнүн жана өзгөлөрдүн жанын сактоо экендигин айтып, дин кызматкерлери бул жаатта  активдүүлүгүн көрсөтөөрүн айтты.

«Адамдын жаны аманат. Аны бекем сактоо керек. Алла Таала ар түрдүү балээ-кырсыктардан сактасын деп дуба кылабыз. Ошентсе дагы Кудай сактанганды сактайт демекчи, мечитке келген жарандарга зыян жетип калбоосу үчүн өрт коопсуздугу боюнча бардык талаптарды аткарууга аракет кылабыз. Анткени, мусулман адам өзүнө жана өзгөлөргө зыян бербөөсү керек»,- деди шаар казысы.

Ал эми Канат Джумабаев ар бир мечитте өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча шиттердин заман талабына ылайык жаңыланып туруусу керектигин айтып, диний объектилерде атайын өрткө каршы белги берүүчү аппараттарды коюуда жардам көрсөтө тургандыгын билдирди.

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Бул да кызыктуу
Close
Back to top button