Бүгүн, 8-июнь күнү Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мырза кары Осмонов Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жээналиев баштаган облустук казыяттын эмгек жамааты менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда облустук казыят менен шаардык казыяттын кызматкерлеринин тажрыйбаларын бекемдөө жана биргеликте аткарылуучу иштердин пландары талкууланды.
Ал эми облус казысы Сайдамир ажы Жээналиев Мырза кары Осмоновду жаңы кызмат орду менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.
«Биздин кызматтын жоопкерчилиги оор болгондуктан талыкпай эмгектенүү зарыл. Ислам динин элге туура жана терең жеткирүү, жаштардын адеп-ахлагын жакшыртуу жаатындагы иш-чараларды уюштурууда чогу иштейли. Бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, эки казыяттын кызматташтыгын мындан дагы жакшырталы», — деди шаар казысы.