Ош шаарындагы №29 М.И. Калинин атындагы орто мектебинин жыйындар залында Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйынга вице-мэр Венера Рыскулова, мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Алишер Ажибаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухаммед Эсенов, Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов, МАБ, ИИМ кызматкерлери, кварталдык комитеттердин төрагалары, аксакалдар жана жергиликтүү мечит имамдары катышты.
Жыйындын алкагында Исак ажы Юнусов Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы (КМДБ) ысырапкорчулук боюнча чыгарган фатвасы менен тааныштырып, түшүндүрүү иштери баардык мечиттерде жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Муну менен катар учурда дин кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тыгыз иштеп жаткандыгын кошумчалады.