Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев иш сапары менен Өзгөн шаарына барып, борбордук мечитте калаа тургундары менен жолукту. Сайдамир ажы Аллага дуба кылуунун пазилеттери жөнүндө баяндама жасап, Жаратканга көп-көп дуба кылуу зарылдыгына токтолду.
«Дуба – момундун коргону. Дуба аркылуу пенде өз алсыздыгын эстеп, эч нерсеге муктаждыгы жок Затка кайрылат. Биз эки дүйнөбүз үчүн дайыма жакшылыктарды тилей жүрүшүбүз керек»,-деди облус казысы.
Муну менен катар облус казысы Өзгөн районуна жаңыдан баш имам-хатиб болуп дайындалган Акжол ажы Бакиров менен биргеликте алдыда аткарыла турган иштердин планын талкуулады.