Ассаламу алайкум ва рохматуллоохи ва барокатух! Урматтуу мекендештер, кадырлуу агайындар, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар!
Сиздерди ыйык, берекелүү, бардык мусулмандардын башын бириктирген Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Бул күнү мусулмандар бири-бирине кубаныч тартуулап, бир туугандык мамилени күчөтөт. Берешендиктин сыпаты болгон Курман айт майрамында тууган урук, колу-коңшулар менен болгон карым-катнаш артат. Эң башкысы Кудуреттүү Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн өзү жакшы көргөн мал жандыгын курмандык кылат. Сүйүүнүн мал-мүлккө эмес, Жалгыз Аллага экенин далилдеп, ага дуба кылынат. Жакыр, колу жука үй-бүлөлөр эттин даамын татып, кубанычка бөлөнүшөт.
Улуу Аллах үй-бүлөңүздөргө тынтык, береке, аруулук тартууласын. Чалган курмандыктарыңызды, кылган садака-ихсандарыңызды Жараткан Аллах кабыл кылсын. Мамлекетибизде дайыма тынчтык, туруктуулук, өнүгүү болсун.
Айтыңыз маарек болсун!
Сиздерди терең урматтоом менен, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев.