Ош облустук мусулмандар казыяты жана ага караштуу бардык райондук хатибияттарда садака-фитирден түшкөн каражат жардамга муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тапшырылды.
Иш-чара дээрлик бардык райондордо улантылып, тапшырылып берилди.
«Садака-фитрди берүү ар бир момун-мусулманга важип. Бул колунда жоктор менен колунда барларды байланыштырып турган жакшы жөрөлгөлөрдүн бири болуп саналат. Берешен инсандар дайыма колу жукаларга көмөктөшүп, кайрымдуулук иштерин жасашат. Илгертен эле муфтият тарабынан калыптанып калган система бар. Мына ошол система менен иш алып баруу эң мыкты жол болуп саналат. Анткени сиздин жардамыңыз республикалык деңгээлде жардамга муктаж жарандарга жеткирилет», — деди Ош облустук мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев.