Ордолуу Ош шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурлуп жаткан «Ислам тынчтыктын тиреги» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференциясы башталып, ага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия мамлекеттеринен дин аалымдары жана эксперттери келишти. Конокторду Ош аба майданынан шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев башкатаган казыят кызматкерлери тосуп алышты.
Эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында дин аалымдары жана эксперттер докладдарын окушуп, учурдагы көйгөйлүү маселелерди талкуулашат. Муну менен катар аалымдар мечиттерде жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, баяндамаларды жазашмакчы.