Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун демилгеси менен 100дөн ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөгө 2000 сомдук азык-түлүк Рамазан баштыкчасы таратылды. Иш-чара Рамазан айында ооз ачуу (ифтарлык) катарында берилип, жетим-жесирлерге кубаныч тартуулоо максатында уюштурулган.
“Мындай иш-чара жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Рамазан айы башталгандан тарта уюштурулуп келүүдө. Максатыбыз ыйык айда муктаждардын жұзүнө кубаныч тартуулоо”,-деди баш имам-хатиб Тынчтыкбек ажы Шаиков.