Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев «Абу Ханифа» атындагы мечитте Гулистан айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолукту. Жолугушуунун алкагында Ханафи мазхабынын тарыхы, калыптанышы жана ислам дүйнөсүнө жайылышы боюнча баяндама жасады.
«Ислам дүйнөсүндө Ханафи мазхабын кармангандар көпчүлүктү түзөт. Биздин ата-бабаларыбыз Ханафи мазхабын кылымдар бою карманып келген. Биз дагы келечек муундарыбызга маалымат берип, туура диний баалуулуктарды жеткирели», – деди Музаффар ажы Турдубаев.
Баш имам-хатиб жолугушуунун соңунда жамаат менен бирге Алла Тааладан тынчтык, амандык, береке тилеп дуба кылды.