Талас облусунун Үч – Коргон айылынын ардактуу тургуну, Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев көп жылдык мугалимдик кесипти аркалоо менен өсүп келе жаткан келечек муундарды тарбиялоодо эмгек менен кызматты айкалыштырып, үч – Коргон айылынын башчысы кызматында үзүрлүү иштеп келген. Айыл көчөлөрүн эл тарабынан төгүлгөн таштандылардан таза кармап, “Таза айыл” аймагына айландыра алган.
Талбаган аракетинин, күжүрмүн эмгегинин акыбети кайтып жергиликтүү бийлик тарабынан Үч -Коргон айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы менен сыйланды.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн “Мыкты кызматкери ”, Кыргыз Республикасынын “Ардактуу аксакалы” орденинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасынын ” жана көптөгөн республикалык, областтык, райондук, “Ардак грамоталарын” алууга жетишкен эле.