Талас облусунун Манас районунун хатибиятына ай сайын кайрымдуулук иштерин адатка айланткан мекендештерибиз тарабынан гуманитардык жардам келип түштү.
Ар бир баштык 1800 сомдон айланып, анын ичинде 10 кг ун, 5 кг макарон, 5 литр май, 3 кг кум шекер, 3 кг күрүч болуп, анын жалпы суммасы 90 миң сомду түздү.
“Бул гуманитардык жардам 50 муктаж үй-бүлөлөргө имамдарыбыз аркылуу жеткирдик. Анын ичинде Чоң – Капка, Май, Манас, Пакровка жана Кызыл – Жылдыз айылдарына таратып бердик. Алла Таала ушул ай сайын жиберип жаткан берешен мекендештерибиздин өмүрлөрү узун болсун, тапкандарына береке болсун. Ушундай жигиттерибиз көбөйсүн”, — деди баш имам хатиб Миржалал ажы Дадабаев.