Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев райондогу 4 айылда кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. Иш-чара баш имам-хатибдин демилгеси менен уюштурулуп, демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынган. Учурда оор кырдаалдагы аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 2000 сомдук тамак-аш азыктары таратылып берилди.
«Кымбатчылык мезгилде колу ачык азаматтарыбыз көп болсун. Бул үй-бүлөлөр үчүн жакшы жардам болду. Бардыгы ыраазычылыктарын билдирип, абдан сүйүнүп жатышат. Кайрымдуулук иш-чараларды улантабыз»,-деди баш имам-хатиби.